Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жеңиш Ашырбаев: өрттөнгөн бойдон айылга кирген унаа аныкталды

© Фото / Зульфия ТургуноваПресс-секретарь УВД Ошской области Жениш Ашырбаев
Пресс-секретарь УВД Ошской области Жениш Ашырбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жүк ташуучу автоунаа күйүп бара жаткан окуя үстүбүздөгү жылдын 11-сентябрь күнү катталган.
Жеңиш Ашырбаев: өрттөнгөн бойдон айылга кирген унаа аныкталды

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев өрттөнгөн бойдон айыл ичин аралап кеткен фура ээси аныкталгандыгын Sputnik Кыргызстан агенттигине кабарлады. 

Белгилей кетсек, буга чейин Instagram тиркемесинин chyngyz0105 аттуу колдонуучусу өрттөнгөн бойдон айыл аралап бараткан фуранын видеосун баракчасына чыгарган.

"Окуя 11-сентябрь күнү саат 18:00 чамасында Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айылынын Мады көчөсүндө болгон. Өрт "Вольво-FH12" үлгүсүндөгү унаадан чыгып, ичиндеги кийим-кече жана буюмдар өрттөнүп кеткен", — деп билдирди Ашырбаев. 

Анын айтымында, окуя болгон жерге Өрт өчүрүү кызматы чыгып өрттү өчүргөн. 

"Атайын эксперттердин чыгарган бүтүмү боюнча автоунаанын дөңгөлөгү жарылып, темири бири-бирине тийип сүрүлгөндөн улам чыккан учкундун жалыны өрттү пайда кылган", — деп кошумчалады Ашырбаев. 

Айдоочу менен жүк ташуучу фирма өз ара келишип алгандыктан бири-бирине эч кандай дооматы жоктугун айтып, арыз жазуудан баш тартышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0