Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Банур Узакбаева: аялдардын ириңдеп кеткен эмчегин операциясыз дарылоо ыкмасы табылган

© Пресс-служба президента КРВрач-радиолог Национального центра онкологии при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики, кандидату медицинских наук Узакбаева Банур
Врач-радиолог Национального центра онкологии при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики, кандидату медицинских наук Узакбаева Банур - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев илим жана техника жаатында жетишкен кызматкерлерге "Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты" деген наамдарды ыйгарды.
Банур Узакбаева: аялдардын ириңдеп кеткен эмчегин операциясыз дарылоо ыкмасы табылган

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борборунун врач-радиологу, медицина илимдеринин кандидаты Банур Узакбаева аталган сыйлыкка ээ болгондордун бири. 

Ал салтанаттуу иш-чарада сөз сүйлөп жатып, аялдардын эмчегинин ириңдеп кетүү илдетин операциясыз дарылоо ыкмасын кесиптештери менен биргеликте ойлоп табууга жетишкенин белгиледи. 

"Эмчеги ириңдеп кеткен аялдарды 3-5 күндүн ичинде операциясыз, наркоз бербей, антибиотиктерди колдонбой туруп дарылоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонбуз. Бул методду 10 жылдан бери колдонуп келе жатабыз", — деп билдирди Узакбаева. 

Ал ошондой эле сыйлык тапшырган президентке ыраазычылыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0