Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алтынбек Максутов: кыргыз киносу — учурда маданияттын мыкты өнүккөн тармагы

© Sputnik / Табылды КадырбековМинистр культуры Алтынбек Максутов.
Министр культуры Алтынбек Максутов. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрында улуттук филармонияда Кыргыз киносунун 75 жылдыгы белгиленет.
Алтынбек Максутов: кыргыз киносу — учурда маданияттын мыкты өнүккөн тармагы

Кыргыз киносу учурда маданияттын мыкты өнүккөн тармагы болуп саналат. Бул тууралуу Кыргыз киносунун 75 жылдык мааракесине арналган иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, белгилүү режиссер Алтынбек Максутов билдирди. 

Анын айтымында, салтанаттуу иш-чара жалпы эле кинонун жаралыш тарыхынан баштап, ушу кезге чейинки тарыхын чагылдырып, сахнадан — экранга, экрандан — сахнага деген ыкма менен тартууланат.

"Мында жаралуу тарыхынан баштап, совет мезгилине чейинки доор, согуш мезгилиндеги кыргыз киносу, СССР маалындагы учур, эгемендүүлүк алган жылдардагы кыргыз киносунун тарыхы, өнүгүшү чагылдырылган", — деди Максутов.

Режиссер иш-чара бир катар өзгөчөлүктөр менен өтөрүн белгилеп, кыргыз киносу учурда маданияттын мыкты өнүгүп келе жаткан тармагы экенин белгиледи.

"Эгер буга чейин "А" класстагы эл аралык фестивалдарга катышуу өтө оор болсо, азыр жылына ошондой абройлуу сынактардан беш-алты сыйлык алып келип жатабыз", — деди Максутов.

Белгилей кетсек, салтанаттуу иш-чарада кыргыз кинематографисттеринин жетишкендиктери тууралуу көргөзмө уюштурулуп, кыргыз киносунун тарыхы тууралуу тасма көрсөтүлөт. Мындан сырткары, конокторго концерттик программа тартууланмакчы. 

Ал эми Фрунзе шаарындагы алгачкы киностудия 1941-жылы 17-ноябрда ачылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0