Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Нуржан Шайлдабекова: үгүт иштеринин жүрүшү тыкыр көзөмөлгө алынат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПредседатель Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Нуржан Шайлдабекова
Председатель Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Нуржан Шайлдабекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда жалпы жонунан 405 жергиликтүү кеңешке, анын ичинде 21 шаардык, 384 айылдык кеңешке шайлоо өтөт.
Нуржан Шайлдабекова: үгүт иштеринин жүрүшү тыкыр көзөмөлгө алынат

Үгүт иштеринин жүрүшү тыкыр көзөмөлгө алынат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйын учурунда билдирди.

БШК жетекчиси бүгүн, 11-ноябрда шайлоодо ат салыша турган саясий партиялар үчүн үгүт өнөктүгү башталганын белгиледи.

"Үгүт иштери башталды. Ал шайлоо күнүнө бир күн калганга чейин уланып, жүрүшүнө БШК алдында түзүлгөн жумушчу топ катуу көз салат. Мындай топтор аймактык шайлоо комиссияларында да түзүлгөн. Үгүт иштерин ЖМКлар аркылуу жасоого болот, үгүт материалдарды илүүгө, баракчаларды таратууга, тынч митингдерди өткөрүүгө жол берилет", — деди Шайлдабекова.

Үстүбүздөгү жылдын 11-декабрына белгиленген жергиликтүү кеңеш шайлоосу референдум менен бирге өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0