Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Гүлжигит Калыков: басып өткөн жолум түйшүктүү болду

© Sputnik / Табылды КадырбековЭстрадный исполнитель Гулжигит Калыков
Эстрадный исполнитель Гулжигит Калыков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан төрт жыл мурун Түркияда өткөн "Евразия жылдызы" эл аралык сынагында кыргызстандык ырчы Гүлжигит Калыков баш байгеге татыган.
Гүлжигит Калыков: басып өткөн жолум түйшүктүү болду

Аттын кашкасындай таанымал ырчы Гүлжигит Калыков Sputnik Кыргызстан агенттигине маек берип жатып, чыгармачыл жолундагы жетишкендиктер менен бирге оош-кыйыштарга да токтолду.

Анын айтымында, басып өткөн жол кыйла оор болгон.

"Бир караган кишиге оңой көрүнүшү мүмкүн. Бирок артка кылчайсам бир топ эле түйшүктүү болуптур. Өзгөчө конкурс учурундагы уктабай бир ырды жаттап, кайра-кайра кайталап таң атырган учурлар эске түшөт. Сахнага чыкканда кантип басам, колду кантип шилтейм, кантип кыймылдайм — ушунун баарын алдын ала ойлонушуң керек", — деди Калыков. 

Учурда өнөрпоз белгилүү продюсер Канат Култаев менен иштешип келет.

Белгилүү ырчы Гүлжигит Калыков менен толук маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0