Депутат Алмамбет Шыкмаматов

Алмамбет Шыкмаматов: күнөөм жок, "Ата-Бейитке" барып карганууга даярмын

692
(жаңыланган 15:27 14.11.2016)
УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге Белиз мамлекетинин (Борбор Америка) расмий органдарынан траст документтери (апостиль) алынганын кабарлаган.

Анда азыр Жогорку Кеңеште депутат болуп отурган үч эл өкүлүнүн — Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматовдун "Альфа Телекомдун" акциясын сатууга кызыкдар болгону айтылат.

Ал эми Шыкмаматов бул маалыматтардын баары жалган экенин, президенттин алдына алып келип, көргөзүп, шоу кылып жаткандардын баары жасалма документтер экенин айтты.

"Булардын баары жасалма документ экенине бөркүмдөй ишенем. Анткени биз ал жакта жокпуз. Бул карандай калп. Керек болсо күнөөмдүн жок экенин далилдөө үчүн 7-апрелде каза болгон 100дөн ашык баланын сөөгү көмүлгөн "Ата-Бейитке" барып карганып берүүгө даярмын", — деди ал. 

Эл өкүлү ошондой эле азыр мыйзамга эч ким ишенбей калганын айтып, президент менен УКМКнын башчысы дагы "Ата-Бейитке" барып ушул документтер чын деп карганып бере алабы деп суроо салды.

Шыкмаматов мындан тышкары маселе адилет чечилбесе, эл аралык уюмдарга кайрылууга даяр экенин белгиледи.

692
Белгилер:
Альфа Телеком” ЖАК, MegaCom, Алмамбет Шыкмаматов
Тема боюнча
УКМКнын депутаттар жана Megacom тууралуу маалыматын прокуратура текшерет
Сегизбаев Megacom ишканасын сатууга үч депутат кызыкдар болгонун президентке айтты