Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жумакадыр Акенеев: жакын арада майдын баасы кескин кымбаттабайт

© Sputnik / Жоомарт УраимовВидеомост Москва — Астана — Бишкек — Кишинев — Минск — Ереван на тему "Интеграционные предпочтения в странах СНГ"
Видеомост Москва — Астана — Бишкек — Кишинев — Минск — Ереван на тему Интеграционные предпочтения в странах СНГ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы жумаларда Кыргызстанда күйүүчү жана майлоочу майдын баасы 2 сомго чейин кымбаттады.
Жумакадыр Акенеев: жакын арада майдын баасы кескин кымбаттабайт

Кампадагы ун, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Матрезервдеги курттаган ундун чоо-жайы. Айыптоону четке каккан жетекчи менен ашпозчу
Май кыш жакындаган сайын жылына кымбаттай турганын эксперт, нефтетрейдерлер ассоциациясынын мурдагы жетекчиси Жумакадыр Акенеев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан күйүүчү жана майлоочу майды 100 пайыз Россиядан алат. Ал эми Россия майдын наркын кымбат баа менен коё берип жаткандыктан да баалар көтөрүлүп жатат.

Акенеев Казакстан мындан алты жыл мурда күйүүчү майды Кыргызстанга экспорттоого тыюу салган токтом кабыл алганы да бензиндин баасына таасирин тийгизип жатканын айтып, токтом жокко чыгарылса Казакстандан дагы май келип, ал баага өзүнүн оң таасирин тийгизмек деп белгиледи.

Анын айтымында, эгер Кара-Балта менен Токмоктогу нефтини кайта иштетүүчү заводдор иштей баштаса, Кыргызстан өзүнүн керектөөлөрүнүн 80-90 пайызын камсыздоого мүмкүн болмок.

"Кара-Балта менен Токмок шаарында эки заводубуз бар. Ошолорду камсыз кылуу үчүн Россиядан 1,5 миллион тонна нефть алуу боюнча келишим түзүлгөн. Ушул эки завод иштеп калса өзүбүздүн 80-90 пайыз талабыбызды камсыз кылмакпыз. Биздин шартта май арзан болмок", — деди ал.

Акенеев Кыргызстанда 2,5 айга жеткидей майдын запасы бар экенин, андыктан кооптонууга негиз жок экенин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0