Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун архивдик сүрөтү

Жамшитбек Калилов: түндүк-түштүк жолун 2019-жылдан баштап колдоно алабыз

36
Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов түндүк-түштүк альтернативдүү жолу 2019-жылдан тарта колдонууга берилерин Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал аталган жолду куруу аракеттери 2014-жылы башталганын белгиледи. Учурда биринчи жана экинчи фазаларда иш кызуу жүрүп жатканын айтты.

"Жалал-Абаддан Казарманга чейинки бөлүктө иштер катуу жүрүп жатат. 40 чакырымга чейин асфальт төшөлдү. Жер жумуштарынын 80 пайзы бүттү. Көк-Арт ашуусунда 3 чакырым 850 метрлик эки тоннель казылат. Бирөөсү автотранспорт үчүн, экинчиси коопсуздукту сактоо иштери үчүн болот", — деди ал.

Калилов учурда аталган жолдун 156дан 183-чакырымга чейинки аралыгына акча бөлүүгө Ислам өнүктүрүү банкы менен Сауд Аравия өнүктүрүү фонду макулдугун бергенин кошумчалады.

Транспорт жана жолдор министри берген маалыматка ылайык, Түндүк-түштүк альтернативалык жолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Анын 240 чакырымында бүгүн иш кызуу жүрүп жатат. Долбоордун жалпы баасы алдын ала 850 миллион доллар деп бааланган.

36
Белгилер:
курулуш, жол, Жамшитбек Калилов
Тема боюнча
Бишкекте ремонттон кийин Орозбеков көчөсү ачылды
Москва — Ош — Москва каттамы ачылып алгачкы рейс ишке ашты
Пикирлер