Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сегизбаев: Елисеевдин лицензиясын кайтарып жатканда министрдин көзү көрбөй калды беле

© Фото / пресс-служба ЖКУлуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевдин архивдик сүрөтү
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев Алексей Елисеевге Кыргызстандын мыйзамдары боюнча үч кылмыш иши козголгонун айтып, ошого карабастан анын лицензиясы калыбына келтирилгенин белгиледи.
Сегизбаев: Елисеевдин лицензиясын кайтарып жатканда министрдин көзү көрбөй калды беле

Максим Бакиевдин оң колу делген Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын 2010-жылы калыбына келиши биз үчүн табышмак деп Абдил Сегизбаев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

"Елисеевге үч кылмыш иши козголгон. Анын лицензиясы кайра калыбына келтирилгени боюнча менде чоң суроо бар. Эреже боюнча лицензия ээсинин арызы менен гана калыбына келтирилет. Елисеевге 2010-жылы лицензия берилип жатып бир да документ топтолгон эмес. Мына 2013-жылы декабрда юстиция министр болуп иштеп турган адам документтерди арткы дата менен кайра калыбына келтириптир. Ал документтердин арасында Елисеевдин өзүнүн арызы жок", — деди Сегизбаев.

Ал ошондой эле Елисеевдин лицензиясын калыбына келтирип жаткан ошол учурдагы юстиция министри көзү көрбөй, кулагы укпай калды беле деп белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0