ИИМдин түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Малик Нурдинов

Нурдинов: миллион доллар үчүн өзүн "өлдү" деп жарыялаган кишинин эстелиги табылды

1116
Өзбекстанда туулган 31 жаштагы жаран АКШдан миллион доллар өндүрүү үчүн өзүн "өлдү" деп жарыялаган.

ИИМдин түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Малик Нурдинов шектүү жаран башка адамдын мүрзөсүнө өзүнүн эстелигин орнотуп койгонун билдирди. 

"Аталган жаран Ош облусунун Кара-Суу районундагы мүрзөлөрдүн бирине эстелик таш койдурган. Анда ал 1985-жылы төрөлүп, 2014-жылы каза болгону көрсөтүлгөн. Иликтөөлөрдүн жыйынтыгы ал адам тирүү экенин көрсөттү", — деп билдирди Нурдинов. 

Анын айтымында изделип жаткан жаран АКШнын жарандыгын алып өзүн бир миллион долларга камсыздап койгон. 

1116
Белгилер:
акча, документ, жасалма, Малик Нурдинов
Тема боюнча
Ош: миллион доллар өндүрүүнү көздөгөн эргул башканын мүрзөсүнө өз эстелигин койгон
Пикирлер