Мамлекеттик ипотекалык компания ААКтын төрагасынын орун басары Нуржигит Үсөнакун уулу

Нуржигит Үсөнакун уулу: ипотекалык насыя эң көп региондорго берилди

102
"Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКтын төрагасынын орун басары Нуржигит Үсөнакун уулу ипотекалык насыя программасынын алкагында турак-жай алгандардын басымдуу бөлүгү аймактардагылар экенин айтты.

Ал ошондой эле 3 миллион сом 15 жылга берилерин белгилеп, пайыздык чени өздүк салымына жараша 10 пайыздан 12 пайызга чейин экенин кошумчалады. 

"Насыя сом менен берилет. Аны төлөөдө эч кандай башка валютанын куну, экономикалык абал таасир бербейт. Алынуучу турак жайларга коюлган талаптар да түрдүүчө. Мисалы, көп кабаттуу үйдөн батир ала турган болсо, анын жалпы аянты 80 чарчы метрден, жер үй болсо жалпы аянты 150 чарчы метрден ашпаш керек. Эң башкысы — алына турчу үйдүн жаран кирип жашаган биринчи күндөн баштап шарты болушу зарыл. Башкача айтканда, авариялык абалда же оңдоо-курулуш иштери бүтө элек турак жайларды алууга мүмкүн эмес", — деди ал.

Үсөнакун уулу учурда "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКтында 6276 жарандын тизмеси бар экенин, анын ичинен 491 жаран насыя алганын айтты. Азыр 63 жарандын документтери толук даярдалып, банктарда кезек күтүп жатат.

Ал ошондой эле берилген 491 насыянын 203ү гана Бишкек шаарында жашаган мамлекеттик кызматкерлер болсо, 288 жаран аймактардан болуп саналат. Үсөнакун уулу алардын ичинде Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Баткен аймактары бар экенин баса белгиледи.

102
Белгилер:
турак-жай, насыя, Мамлекеттик ипотекалык компания
Тема:
Мамлекеттик ипотекалык насыя берүү (59)
Тема боюнча
Мамкызматкерлерге ипотекалык насыяны жеткиликтүү кылуунун жол-жобосу түшүндүрүлдү
Мамлекеттик ипотека: насыяны жалпыга жеткиликтүү кылуунун жолдору айтылды