Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдывахап Нурбаев: Европага товардын 6 миңден ашык түрүн киргизе алабыз

© Фото / Зульфия ТургуноваЖогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаевдин архивдик сүрөтү
Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарында ишкерлердин "Фергана соода-экономикалык" форуму өтүп жатат.
Абдывахап Нурбаев: Европага товардын 6 миңден ашык түрүн киргизе алабыз

Иш чарага Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев, Экономика министрлигинин өкүлдөрү жана өлкөнүн бардык аймактарынан келген ишкерлер катышууда.

Эл өкүлү Нурбаев коңшулар менен эки тараптуу мамилени күчөтүү маанилүү экенин айтты.

"Тажикстан менен Өзбекстан ЕАЭБге мүчө эмес. Андыктан мамлекеттер аралык соода-экономикалык байланышты кеңейтсек, бири-бирибизге товар бат жетет. Өзбекстандын 30 миллион калкы бар. Алар менен соода жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк чоң. Ошол эле мөмө-жемиштер аларда эрте, бизде кеч бышат", — деди ал. 

Нурбаев Кыргызстан Европага товардын алты миң түрүн бажы алымы жок киргизүүгө мүмкүн экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0