Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Камчыбек Ташиев: оппозиция болчу ири фракциялар бийликке баш ийип беришти

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкс-депутат Камчыбек Ташиевдин архивдик сүрөтү
Экс-депутат Камчыбек Ташиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-депутат Камчыбек Ташиев мындан ары коомдо кадыр-баркы бар саясатчылар менен биргеликте "Ата Журт" партиясын кайрадан түптөп чыгары маалым болду.
Камчыбек Ташиев: оппозиция болчу ири фракциялар бийликке баш ийип беришти

Камчыбек Ташиев "Ата Журт" партиясын кайра күчтөндүү максатында Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков сыяктуу саясатчылар менен башын бириктиргени турат. Бул тууралуу экс-депутат Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, учурда оппозиция болчу ири фракциялар бийликке баш ийип беришти.

"Келдибеков жана Мадумаров үчөөбүз биригип, партияны кайрадан түптөп жатабыз. Партияга мамлекетке мыкты кызмат кылган, элдин алдында аброю бийик саясатчылардын башын бириктирүү пландарыбыз бар", — деди Ташиев.

Белгилей кетсек, 2014-жылкы парламенттик шайлоонун алдында эки партиянын биригүүсү менен шайлоого аттанган "Республика – Ата Журт" партиясы кечээ, 17-ноябрь күнү тандемдин бузулганын жар салышты. Эми Ташиев 2017-жылкы президенттик шайлоого "Ата-Журт" партиясын кайрадан күчтөндүрүүнү максаттап жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0