Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Элмира Шерипова: Бишкек — Ош унаа жолунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

© Фото / Элмира ШериповаӨКМдин маалымат катчысы Элмира Шерипова
ӨКМдин маалымат катчысы Элмира Шерипова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 23-ноябрга чейинки туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшөрү күтүлөрүн эскертти.
Элмира Шерипова: Бишкек — Ош унаа жолунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

ӨКМдин маалымат катчысы Элмира Шерипова тоолуу аймактардагы бир катар унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү ыктымал экенин белгиледи. 

"Туруксуз аба ырайына байланыштуу Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138, Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 65-90, Нарын — Казарман унаа жолунун 67-94 жана Каракол — Эңилчек жолунун 45-92-чакырымдарына кар көчкү түшүүсү ыктымал. Жолдор тайгак болот", — деп билдирди Шерипова. 

Ал ошондой эле айдоочулар унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталуусу керек экенин кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0