Мамлекеттик миграция кызматынын маалымат катчысы Айсулуу Исабек кызы

Айсулуу Исабекова: "кара тизмеден" ар ким өзүн бекер текшере алат

1243
Мамлекеттик миграция кызматынын маалымат катчысы Айсулуу Исабек кызы Sputnik Кыргызстан агенттигине Россияга бара жаткандар "кара тизмеде" бар-жогун бекер эле текшерип алууга болорун айтты.
Айсулуу Исабекова: "кара тизмеден" ар ким өзүн бекер текшере алат

Миграция кызматынын расмий сайтында ssm.gov.kg/blacklist Россияга кире турган чет элдик жарандарга чек коюлгандыгын текшерген атайын кызмат ачылды. Анда тыюу салуунун себеби жана анын качан бүтөрү да жазылат. 

"Коммерциялык уюмдар бул маалыматтарды сатып акча жасап жаткан учурлар да бар. Бул акысыз кызмат биздин мекендештерге жардам берет деп ишенебиз", — деп айтты Исабекова.

Ал Россиянын ФСБсынын Чек ара кызматынын маалыматына таянып, 1-октябрга карата аталган өлкөгө кирүүгө тыюу салынган Кыргызстан жарандарынын саны 116 миң 727 экендигин айтты. Ал эми алардын 51 миңине соттун чечими менен чек коюлган. 

"Биз кыргызстандыктарга Россиянын аймагына кирер алдында өздөрүнүн аты-жөнү тыюу салынгандардын тизмесинде бар-жогун текшерип алганы зарыл деп айтар элек. Аталган кызмат Россияга барып алып, чек арадан кире албай, убара болуп кайра кайткан кыргызстандыктар көп болуп кеткендиктен киргизилди", — деди Исабекова. 

Ал эгерде кандайдыр бир суроолор жаралса, 189 телефону менен кайрылуу керектигин айтты. Мындан сырткары, Исабекова Миграция кызматы кыргызстандыктарды дагы беш чет өлкөдө жумушка орноштуруу боюнча иш алып барып жаткандыгын айтып, коопсуздук үчүн ал тарапка мыйзамдуу жол менен барууну сунуштады.

"Кара тизмеге" кирип калганда андан кантип чыгуу керектигин Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан окуңуз>> 

Россиянын ФМКнын «кара тизмесинен» кантип чыгууга болот
Россиянын ФМКнын «кара тизмесинен» кантип чыгууга болот

1243
Белгилер:
бекер, кара тизме, миграция, Россия
Тема боюнча
Эми Россия КР жарандарынан медициналык камсыздоо талап кылбайт
Кубат Оторбаев россиялык кесиптеши менен КР жарандарынын укугун коргомой болду
Кесипкөй сүрөтчү Саламат Иманов

Иманов: милиция кызматкерлери тууралуу сериал тартып жатабыз

26
(жаңыланган 19:09 26.01.2021)
Кесипкөй сүрөтчү Саламат Иманов театр жана кино актёрлору тартылган, милиция кызматкерлери катышкан сериал тартып жатканын айтты.
Иманов: милиция кызматкерлери тууралуу сериал тартып жатабыз

Сценарий күчтүү болгону менен кино жаман чыгып калышы мүмкүн. Ал эми сценарий жаман болсо, тасманын мыкты болушуна таптакыр шанс жок. Ошондуктан чыгарманын маанисине тыкыр көңүл бөлүнүп, мазмуну 11 ай жазылды. Бул тууралуу Саламат Иманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сериалдын тартылышына ИИМ көмөк көрсөтүп, көпчүлүк бөлүгүндө чыныгы окуялар чагылдырылган.

"Тасманын автору мен, режиссёру Насирдин Кудайбердиев, со-продюссер Баатыр Батиков болуп 2019-жылы сериал тартып баштадык. Бизде медицина, билим берүү жана милициянын жумушу эң көйгөйлүү тармак экен. Ошентип биздин милициянын абалын чагылдырууну чечтик. Өнүккөн өлкөлөрдө бул кесиптин ээси болуш сыймык. Алардын айткан сөзүн угуп, эл сыйлайт. Ал эми бизде таптакыр тескери. Акыркы учурда аларга болгон ишеним, урмат жоголду. Тартип сакчылар коомдук тартипти сактап, кылмыштын бетин ачып, биздин коопсуздугубуз үчүн жан үрөп жатса, биз аларды жек көрөбүз. Биздин долбоордун максаты - милиция кызматкерлеринин аброюн жогорулатуу жана жакшы ниет менен ант берип, погон тагынган кызматкерлер эли үчүн ак иштеп берүүсүнө түрткү болуу. Долбоордун соңунда калк арасында милиция тууралуу башкача ой калыптанып, келечек муун дагы бул кесипти жакшы көрүп калат деген ишеничтебиз. Кинокартина 12 сериядан туруп, хронометражы 40 мүнөттөн узак. Менимче, Кыргызстанда мындай жанрдагы масштабдуу сериал мурда тартылган эмес", — деди Иманов.

Ал аталган сериалдын тартуу иштеринин жарымынан көбү тартылып бүткөнүн, февралдын ичинде коомдун назарына коюларын кошумчалады.

26
Белгилер:
сериал, тасма, сүрөтчү
Тема боюнча
"Акыркы көч" Дакка эл аралык кинофестивалында эң мыкты тасма деп аталды
Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов. Архив

Бактыгулов: учурдагы экономикалык кризис ЕАЭБге анчейин таасирин тийгизбейт

12
(жаңыланган 16:40 26.01.2021)
Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов коронавирустан улам жаралган экономикалык кризис ЕАЭБге олуттуу таасирин тийгизбейт деген пикирин айтты.
Бактыгулов: учурдагы экономикалык кризис ЕАЭБге анчейин таасирин тийгизбейт

Учурда дүйнөдө болуп жаткан экономикалык кризистен өзгөчө батыш мамлекеттери жабыркап жатат. Мындай пикирин Шерадил Бактыгулов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Евразия экономикалык биримдигинин Кытай мамлекети менен болгон алакасы уюмга кризистен чыгууга жакшы көмөкчү болуп бере алат.

"Дүйнөдө 2019-жылдан тарта бир нече убакытка созулган экономикалык кризис болору мурдатан эле айтылып келген. Бирок ал кезде пандемия тууралуу сөз жок эле. Андыктан азыр башыбыздан кечирип жаткан тартыштыкты коронакризис деп атоо туура эмес болуп калат. Вирустун жайылышы жөн гана ушул алдын ала божомолдонгон каржы тартыштыгынын себеби катары каралып калды. Кандай болгон күндө да бул кризистен батыш өлкөлөрү өзгөчө жабыр тартып жатат. Ал эми ЕАЭБге келе турган болсок, уюм анчейин деле чоң жоготууларга учурабай, сезилерлик экономикалык секириктерди жасоо мүмкүнчүлүгү бар жана мындан колдонот деп ойлойм. Дүйнөлүк банктын билдирүүсү боюнча, 2020-жылы экономикасы өскөн жалгыз мамлекет Кытай деп аталды. ЕАЭБдин бул өлкө менен алакасы бекем. Андыктан биримдик менен Кытай эки тарапка тең пайдалуу боло турган аракеттерди ишке ашырат", — деди Бактыгулов.

Серепчи ЕАЭБди келечеги кең уюм деп кошумчалады.

12
Белгилер:
мүмкүнчүлүк, кризис, экономика, Евразиялык экономикалык биримдик, Шерадил Бактыгулов
Тема боюнча
Февралда ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчылары Алматыда чогулат
Рейхстагдын байкоо жеринде кишилер. Архив

Германия Кыргызстандын карызын кечет, бирок бир шарты бар 

0
(жаңыланган 00:11 27.01.2021)
Өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия макулдугун берди.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Германия Кыргызстанга 14,9 миллион евро өлчөмүндөгү карызын кечүүгө даяр. Болгону Кыргызстан ал каражатты ипотекалык кредитке жумшашы керек. Бул тууралуу журналисттерге Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия буга макул болду.

Руководитель Управления государственным долгом при Министерстве финансов Руслан Татиков во время беседы на радио
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков
"Жалгыз Германия карызды жоюу боюнча макулдугун берди. Документке кол коюла элек, бирок сүйлөшүүлөр болду”, — деди Татиков.

Ал кошумчалагандай, бул каражат эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга жумшалат деп күтүлүп жатат.

0
Белгилер:
Руслан Татиков, Тышкы карыз, Германия, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстан карыз төлөөнүн эң жогорку чегине качан жетет? Расмий жооп