Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эрмек Кадыров: "Тумар" бий тобунун номерлерин бийчилер менен чогуу тандайбыз

© Sputnik / Табылды КадырбековПресс-конференция в поддержку танцевального коллектива колясочников "Тумар" в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан
Пресс-конференция в поддержку танцевального коллектива колясочников Тумар в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Тумар" бийчилер тобунун мүчөлөрү ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендигине карабастан коляскада отуруп өнөрүн көргөзүп келишет.
Эрмек Кадыров: "Тумар" бий тобунун номерлерин бийчилер менен чогуу тандайбыз

Топтун жетекчиси Эрмек Кадыров балдардын "Үмүт — Надежда" реабилитациялык борборунда 2009-жылдан бери иштеп, балдарга бий үйрөтүп келерин билдирип, бийлер кандай тандаларын айтып берди.

"Номерди команда менен чогуу тандайбыз. Себеби балдар көптөн бери бийлеп, кайсы кыймылдарды жасай алар-албасын албай жакшы билишет. 11 жылдан бери бийлеп келген Тимур деген досум төрт жылдан бери биз менен чогуу бийлейт", — деди ал.

Белгилей кетсек, аталган топ буга чейин Кытай, Казакстан, Германия, Түркия, Чехия, Гонконгдо Кыргызстандын желегин желбиреткен. 2016-жылдын жай айында "Чехия жана Словакия таланттарды издейт" эл аралык конкурсунун финалына дароо өткөн болчу. Эми 29-ноябрда сынактын финалында өз өнөрлөрүн тартуулайт.

Кыргызстандык бийчилер кандай бий аткара турганын бул жактан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0