Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жылдызбек Шамшиев: жыгачтан улуттук буюмдардын 47 түрүн жасайм

© Фото / Зульфия ТургуноваКол өнөрчү Жылдызбек Шамшиевдин архивидк сүрөтү
Кол өнөрчү Жылдызбек Шамшиевдин архивидк сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кол өнөрчү Жылдызбек Шамшиев 20 жылдан бери жыгачтан, тамырлардан буюм жасап кыргыздын улуттук колориттеги буюм-тайымдарын жайылтуу менен алек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өнөрпөз өзү билдирди.

Ал республикалык деңгээлде өткөрүлгөн "XXI кылымдын интеллектуалдары" кароо сынагында I орунду ээлеген. Мындан сырткары, Чолпон-Ата шаарында комузчу, аккордеончу жана кол өнөрчүлөр үчүн уюштурулган "Тогуз кайрык" сынагында II орунду эңип кеткен.

"Бишкектеги Чуйков атындагы Көркөм сүрөт окуу жайынын дизайн бөлүмүнө тапшырып талантым болсо да, таанышым жок болуп калып өтпөй калгам. Ага карабай өнөрчүлүк менен алектенип келем. Жакында Казакстан менен Индиядан келген конокторго Өзгөндүн мунарасынын макетин жасап бердим. Негизинен ар түрдүү формадагы 47 буюмдун түрүн жасай алам", — деди ал.

Шамшиев окуучуларга кол өнөрчүлүк боюнча сабак берип келерин кошумчалады.

Кол өнөрчү Жылдызбек Шамшиев тууралуу кененирээк маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0