Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Гуля Алмамбетова: бүгүн "Дордой" базары убактылуу жабылды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек мэриясынын маалымат кызматынын жетекчиси Гуля Алмамбетова
Бишкек мэриясынын маалымат кызматынын жетекчиси Гуля Алмамбетова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн "Дордой" базарындагы негизги өтмөктүн чатыры кулап, кишилерди басып калды.
Гуля Алмамбетова: бүгүн "Дордой" базары убактылуу жабылды

Бишкек мэриясынын маалымат кызматынын жетекчиси Гуля Алмамбетова базарда болгон кырсыктан улам үч аял жабыркап, бирөө катуу жаракат алганын билдирди.

"Бастырма урап түшкөндүктөн жарандардын коопсуздугун сактоо максатында "Дордой" базары жабылды. Андагы эл эвакуацияланып жатат. Окуя айланма жолдогу "Алкан" базарынын аймагында болгон. Үч аял жабыркап, бирөө катуу жаракат алган. Учурда ооруканага жеткирилди", — деп билдирди Алмамбетова. 

Алдын ала маалыматтар боюнча ураган чатырдын аянты 450 чарчы метрди түзгөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0