Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сабырбек Жумабеков: базардан жабыркагандардын абалы жакшыра баштады

© Sputnik / Нургуль МаксутоваИнтервью с директором Научно-исследовательского центра травматологии и ортопедии Сабырбеком Джумабековым
Интервью с директором Научно-исследовательского центра травматологии и ортопедии Сабырбеком Джумабековым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык 29-ноябрь күнү күндүз болгон. Жабырлануучулардын баары оор абалда ооруканага жеткирилген.
Сабырбек Жумабеков: базардан жабыркагандардын абалы жакшыра баштады

Азыркы саатта үч жабыркаган адам дагы деле жандандыруу бөлүмүндө, атайын дем алдыруучу аппараттар алынды. Бул тууралуу Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, жандандыруу бөлүмүндө жаткан экөө атайын аппарат менен дем алып жаткан болчу, бүгүн түштөн кийин өз алдынча дем ала баштаган.

"Ал эми төртөөнүн бирөөсүнүн абалы бир аз жакшы болгонуна байланыштуу нейрохирургия бөлүмүнө котордук. Баары акырындан сүйлөп, аты-жөнүн айтып, дарыгерлер менен байланышка чыгышты. Абалдары дагы деле оор бойдон, бирок туруктуу", — деди дарыгер.

Эске сала кетсек, 29-ноябрда эртең менен Бишкек шаарынын түндүк тарабында жайгашкан ири "Дордой" соода-базар комплексинин аймагынын субъектилеринин бири болгон "Алкан" базарындагы негизги өтмөктүн чатыры кулап, кишилерди басып калган. Кырсыктан беш адам жабыркап, ооруканага оор абалда түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0