Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кайрат Примбердиев: үч сааттын ичинде үйдү тоноп кетишиптир

© SputnikБелгилүү ырчы Кайрат Примбердиевдин архивдик сүрөтү
Белгилүү ырчы Кайрат Примбердиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү ырчы Кайрат Примбердиевдин үйүнө ууру кирип, 3-3,5 миң долларлык баалуу буюмдарын алып кетишкен.
Кайрат Примбердиев: үч сааттын ичинде үйдү тоноп кетишиптир

Учурда ырчы арыз менен Сокулук районунун милициясына кайрылган.

"Кечээ күнү саат 20:30дарда үйдөн чыгып, түнкү саат 12лерде келсек үйдү белгисиз бирөөлөр тоноп кетишиптир. Жалпысынан 3-3,5 миң долларлык буюмдар жоголду. Фотоаппарат, акча, ноутбук, сааттарды алып кетиптир. Учурда милицияга арыз жаздык. Буга чейин кошунабыздын үйүнө да ууру кирген эле", — деди ырчы.

Белгилей кетсек, Кайрат Примбердиев учурда Россиянын биринчи каналы уюштурган "Голос" шоусунун чейрек финалына өткөн. Ал эми былтыр "Главная сцена" сынагында финалга чейин жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0