Республикалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин архивдик сүрөтү

Гүлжигит Аалиев: реанимациядагы 12 кишинин 10у жаш бала

50
(жаңыланган 19:25 05.12.2016)
Республикалык инфекциялык оорукана 400 адамга ылайыкташкан.
Гүлжигит Аалиев: реанимациядагы 12 кишинин 10у — жаш бала

Республикалык инфекциялык оорукананын реанимация бөлүмүндө сасык тумоо менен ооруган 12 киши жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган медициналык мекеменин башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди. 

"Биздин оорукана 400 адамга ылайыкталган. Бирок ушул тапта 487 адамды дарылап жатабыз. Кайра жандандыруу бөлүмүндө жаткан 12 кишинин 10у — балдар. Алгач оор акыбалда түшкөнү менен азыр көпчүлүгүнүн абалы турукташып калды" — деди дарыгер. 

Анын айтымынд,а учурда ооруканада 487 жатса, 299у — сасык тумоого чалдыккандар. Бактыга жараша, оорудан каза болгондор жок. 

50
Белгилер:
сасык тумоо, реанимация, Гүлжигит Аалиев
Тема:
Сасык тумоонун өлкө аймагында жайылышы (30)
Тема боюнча
Кыргызстанда сасык тумоодон 12 киши реанимацияда жатат
Айзура Чыкынова: өлкө боюнча 128 мектеп карантинге жабылды
Чакан ГЭС ААКнын башкы директорунун орун басары Кубанычбек Астапаев

Астапаев: жаңы деген чакан ГЭСке 63 жыл болду

7
(жаңыланган 12:56 07.05.2021)
"Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун орун басары Кубанычбек Астапаев өлкө боюнча 16 чакан ГЭС бар экенин маалымдады.

Чакан ГЭСтердин эскилиги эбак жеткен. Маселен, эң жаңы деп эсептелгенине 63 жыл, эскисине 103 жыл болду. Бул тууралуу Кубанычбек Астапаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө чакан ГЭСтерден электр энергиясын өндүрүү потенциалы чоң.

Астапаев: жаңы деген чакан ГЭСке 63 жыл болду
"Учурда өлкө боюнча 16 чакан ГЭС иш алып барат. Анын тогузу "Чакан ГЭС" ААКга таандык. Калган жетөө жеке ишкерлерге карайт. "Чакан ГЭС" ААКнын станцияларынын эң жаңысына 63 жыл болсо, Аламүдүн суусунда жайгашкан чакан ГЭСтин иштеп жатканына 103 жылдын жүзү болду. Булардын иштөө мөөнөтү эбак эле өтүп кеткен. Кызматкерлердин аракети, оңдоп-түзөө иштеринин натыйжасында гана иштеп жатат. Алардын иши үзгүлтүккө учурабайт деген кепилдик жок. Ошондуктан жаңы кичи ГЭСтерди куруп, эскилерине реконструкция, модернизация иштерин жүргүзүү зарылдыгы бар. Негизи өлкөнүн чакан ГЭСтерден электр энергиясын өндүрүү потенциалы жогору. Алсак, жалпысынан 960 мегаватт кубаттуулуктагы чакан ГЭСтерди куруп, 142,5 миллиард киловатт саат электр энергиясын өндүрүүгө болот. Өлкөдө жылдан-жылга электр колдонуулар 5-10 пайызга өсүп, бул тармак кризиске кептелүү коркунучунда турат. Учурда 109 мегаваттык чакан ГЭС куруу үчүн аракеттер көрүлүүдө. Анүчүн ыңгайлуу жерлерди компаниянын балансына алып, инвесторлорду караштыруу колго алынууда", — деди Астапаев.

Ошондой эле ал электр энергиясына болгон тарифти көтөрүү демилгеси инвесторлордун аталган тармакка кызыгуусун арттырарын кошумчалады.

Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз: 

7
Белгилер:
Кубанычбек Астапаев, ГЭС, тариф, электр энергиясы
Тема боюнча
Турдубаев: электр кубаты үчүн жаңы тарифтер сентябрга чейин күчүнө кирбейт
Легендарлуу парламенттин депутаты, коомдук ишмер, саяпкер Кемел Ашыралиев

Ашыралиев: дүйнөдөгү күлүктөр үч породадан тараган

13
(жаңыланган 12:46 07.05.2021)
Легендарлуу парламенттин депутаты, коомдук ишмер, саяпкер Кемел Ашыралиев дүйнөдө ар кандай породадагы 200дөн ашуун жылкынын түрү бар экенин билдирди.

Дүйнөдөгү күлүктөр түркмөндөрдүн ахалтекин, англиялык таза кандуу порода жана арабдардын аргымактарынан тараган. Бул тууралуу Кемел Ашыралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, алар жакынга жана ыраакка чуркай тургандар болуп бөлүнөт.

Ашыралиев: дүйнөдөгү күлүктөр үч породадан тараган
"Аттын баары эле катуу чуркай бербейт. Дүйнөдө күлүктүн үч эле породасы бар. Калгандары ошолорго аргындашып чыккан деп эсептелет. Мисалы, Орлов деген көпөс арабдардын аргымагы менен англиялык таза кандуу жылкыны аргындаштырып "орловский рысак" деген породаны чыгарган. Дүйнөдө 200дөн ашык порода бар. Дүйнөдөгү күлүк деп эсептелгендер түркмөндөрдүн ахалтекини, англиялыктардын таза кандуу жылкысы жана арабдардын аргымагы. Ахалтекиндин бир омурткасы ашык болуп койкоюп турат. Ошондой эле англиялык породанын буту узун, жүрөгү эки эсе чоң жана тамырлары жоон болот. Булар жакын аралыкка чуркайт. Ал эми арабдардын аргымактары кумга чуркап жүрүп көнгөн, алардын бакайы кыска болуп, алыска чуркайт. Эң узун аралыкка күлүктөрдү жарыштырган кыргыздар менен казактар. Аламан байге деп 40 чакырымга чейин чапкан учурлар дагы болгон", — деди Ашыралиев.

Саяпкер жылкылардын айрымдары бийик секиргенге, оор жүк ташыганга, желгенге жана жоргологонго ыңгайлашканын кошумчалады.

13
Белгилер:
Кемел Ашыралиев, ахалтекин, күлүк
Тема боюнча
Кадыркулов: "Ак кула" ат майданын реконструкциялоо гана керек
Баткенде дамба жырылышы

Баткенде дамба жырылып 1500 адам эвакуацияланды. Сүрөт

0
(жаңыланган 13:52 07.05.2021)
6-майдан 7-майга караган түнү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Кадамжайдагы дамба 4-5 жеринен жырылып кеткен.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Баткен облусунда дамба жырылгандыгына байланыштуу 1 500гө жакын тургун эвакуацияланып, учурда кайра үйлөрүнө кайтышты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

  • Прорыв дамбы № 12 из-за проливных дождей в селе Орукзар Кадамджайского района
    Баткен облусунда дамба жырылгандыгына байланыштуу 1 500гө жакын тургун эвакуацияланып, учурда кайра үйлөрүнө кайтышты
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
  • Прорыв дамбы № 12 из-за проливных дождей в селе Орукзар Кадамджайского района
    Кечээ, 6-майда, саат 23:13тө Кадамжай районундагы Өрүкзар айылында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам № 12 дамба 4-5 жеринен жырылып, Кайтмас жана Өрүкзар айылдарына коркунуч жараткан
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Баткен облусунда дамба жырылгандыгына байланыштуу 1 500гө жакын тургун эвакуацияланып, учурда кайра үйлөрүнө кайтышты

Кечээ, 6-майда, саат 23:13тө Кадамжай районундагы Өрүкзар айылында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам № 12 дамба 4-5 жеринен жырылып, Кайтмас жана Өрүкзар айылдарына коркунуч жараткан. Мындан улам жергиликтүү тургундар эвакуацияланган.

Болжол менен саат 04:00дө суунун деңгээли төмөндөп, айыл жашоочулары үйлөрүнө кайтышкан. Жеринде 30 куткаруучу иштеп жатат.

0
Белгилер:
ӨКМ, дамба, Кадамжай, Баткен
Тема боюнча
Баткенден эвакуациялангандардын так саны белгилүү болду