Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча маминспекциясынын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева

Мамбеталиева: пиротехникалык затты мыйзамсыз саткандарга айып салынат

(жаңыланган 18:30 06.12.2016)
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча маминспекциясынын Өрткө каршы көзөмөл башкармалыгы республика боюнча жаңы жылга карата пиротехникалык каражаттарды сатууга тыюу салды. Бул боюнча аталган инспекциянын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.
Мамбеталиева: пиротехникалык затты мыйзамсыз саткандарга 50 миң сом айып салынат

Жардыргыч заттарын колдонуудан улам көп жарандар жаракат алып, ден соолугуна зыяны тийген учурлар болгон.

"Бүгүнкү күндө ири соода түйүндөрүндө, базарларда пиротехникалык заттарды сатууга тыюу салынып, инспекторлор тарабынан соода жайларынын ээлерине атайын билдирмелер таратылды. Анын негизинде ӨКМдин адистери менен биргеликте коомдук жайларда, бала бакчаларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Алар пиротехникалык заттарды пайдалануу адамдын ден соолугуна зыян экендигин айтып берип, атайын баракчаларды таратышууда", — деп билдирди Мамбеталиева.

Инспекция өкүлү анткен менен жаңы жылдын алдында пиротехникалык заттар сатылып келе жаткандыгын жана ага карата көрүлө турган чараларды айтты. 

"Эгерде адистердин эскертүүлөрүнө, түшүндүрмөлөрүнө карабай аталган техниканы стакандарга 50 миң өлчөмүндө административдик айып пул салынат", — деди ал.

Аталган инспекциянын буга чейинки маалыматында өкмөттүн 2009-жылдагы токтомуна ылайык пиротехникалык каражаттарды атайын дүкөндөрдө гана сатууга уруксат берилген.

Белгилер:
пиротехника, соода, ден соолук, Анара Мамбеталиева
Тема боюнча
Кырсык айттырбай келет — Кыргызстандын базарларында чыккан ири өрт кырсыктары
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев

Мусаев: мамлекеттүүлүктүн түптөлүшүндө Тыныстановдун ар тараптуу эмгеги бар

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына карата беш айлык өтүп жатканын айтты.

Касым Тыныстановду илимий, саясий, маданий жана коомдук интеллигенциянын өкүлү деп таанышыбыз керек. Анткени ар тараптуу инсан болгон. Мындай пикирин Сыртбай Мусаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Мусаев: мамлекеттүүлүктүн түптөлүшүндө Тыныстановдун ар тараптуу эмгеги бар

Анын айтымында, Тыныстановдун 120 жылдыгынын алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чарага бардык каалоочулар катыша алат.

"1920-жылдардагы кыргыздын интеллигенциясынын өкүлдөрү катары Ишеналы Арабаев баштаган Жусуп Абдрахманов, Абдыкерим Сыдыков, Абдыкадыр Орозбеков, Касым Тыныстановду айтсак болот. Мисалы, Жусуп Абдрахмановду "20-жылдардагы кыргыз интеллигенциясынын арстаны" деп келебиз. Ооба, туура, ал киши саясий багыттагы жасаган иштеринен улам ушундай баага татыктуу. Бирок Касым Тыныстанов булардан айырмаланып ар тараптуу адам болгон. Биринчи кезекте аны окумуштуу катары таанысак болот. Саясий, маданий, коомдук ишмердүүлүктү аркалап, өз колу менен зор эмгектерди жасаган жаратман болгон. Ушул жана башка инсандардын эмгегин баалап, кийинки муундарга жайылтуу биздин парзыбыз. Ушундай максатта Касым Тыныстановдун 120 жылдык мааракесинин урматына биздин мекеме атайын конкурс уюштурууда. Анда жогорку, орто жана башталгыч кесиптик окуу жайлар жыйын, тегерек стол, кереге кеңеш, конференция сыяктуу иш-чараларды, сынактарды өткөрүүсү шарт", — деди Мусаев.

Ал кыргыз интеллигенциясынын жасап кеткен иштерин жаштарга жеткирүү үчүн билим берүү программаларына кошулушу зарылдыгын белгиледи.

Белгилер:
маараке, конкурс, Касым Тыныстанов
Тема боюнча
Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына карата беш айлык жүрүүдө. Шарттары
Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Жуматаев

Жуматаев: Кыргызстандын илимий даражалары эми ЕАЭБде таанылышы мүмкүн

Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Жуматаев ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин илимий даражалары уюм ичинде бирдей таанылуусу зарыл экенин айтты.

ЕАЭБдин алкагында илимди интеграциялоого даяр турушубуз керек. Анткени Кыргызстандан башка уюмга мүчө-өлкөлөрдө илим кызматкерлеринин маянасы көбүрөөк болгондуктан, жогорку квалификациялуу адистердин өлкөдөн чыгып кетүү коркунучу жаралышы ыктымал. Бул тууралуу Мурат Жуматаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Жуматаев: Кыргызстандын илимий даражалары эми ЕАЭБде таанылышы мүмкүн

Анын айтымында, биримдиктин алкагында экономиканы эле эмес, илимди дагы интеграциялоо зарыл.

"Евразия экономикалык биримдигине мүчө-өлкөлөрдө илимий даражалардын эки тараптуу таанылуусу боюнча келишим марттын этегинде ЕЭК тарабынан жактырылды. Эми ал кабыл алынуусу шарт. Аталган уюмдун алкагында экономикалык көптөгөн долбоорлор, программалар каралууда. Бирок айрым тоскоолдуктардан улам кээ бирин ишке ашыруу татаал болуп жатат. Ошондуктан ЕЭКтин алдында илимий-техникалык кеңеш түзүлгөн. Ал ЕАЭБде кабыл алынган мыйзамдарды илимий жактан талдайт. Натыйжасын чыгарып бергенден кийин гана сунуштар ишке ашырылат. Бул экономиканы эле алдыга коюп, илим, билим жаатын көңүлдөн тыш калтырууга болбостугун билдирет. Чынында илимди интеграциялоо зарылдыгы бар, тобокелчиликтер да жок эмес. Мисалы, жогорку квалификациялуу адистердин жакшы айлык төлөгөн өлкөлөргө агылуу коркунучу бар. Ошол эле учурда илимий даражалардын ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдө таанылуусу жаш окумуштуулардын мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Ошондуктан биз тобокелчиликтерден коркпостон, тескерисинче, ага даяр турушубуз керек. Сыртка чыгып кеткен адистердин ордун толуктоо менен бул кыйнчылыктан чыгып кетүүгө болот. Ал үчүн өлкөдөгү билим берүүнү жакшыртып, илимдин техникалык базасын чыңдоо зарыл", — деди Жуматаев.

Окумуштуу уюмдун алкагында илимий потенциалды теңдөө аракеттери жүргүзүлүшү керектигин кошумчалады.

Белгилер:
комиссия, экономика, айлык, интеграция, илим, Евразиялык экономикалык биримдик, Мурат Жуматаев
Тема боюнча
Быйылкы жазда ЕАЭБдин алкагында маанилүү иш-чаралар өтөт

Чет өлкөгө чыгуучу паспорт жок Мамкаттоо элди тушап койду. Видео иликтөө

Өлкөдө паспорт кризиси жогорку чегине жетти. Учурда жүздөгөн кыргызстандык жалпы жарандык, башкача айтканда, чет өлкөгө чыгуучу паспорт ала албай убара. Мамлекет эмнеге өз жарандарын жөнөкөй эле паспорт менен камсыздай албай жатат?

Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү электрондук биометрикалык паспортторду берүүгө камынган. Бирок алар өз убагында даяр болгон жок. Анысы аз келгенсип, эски үлгүдөгү жалпы жарандык паспортторду чыгарууну токтотуп коюшкан. Адистердин айтымында, эгер көбүрөөк жасатып койгондо маселе жаралмак эмес.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жарандарды тушап койгон паспорт тартыштыгы эмнеден келип чыкканын иликтеди.

Өзүмдүн паспортумду ала албай убарамын

Бишкек шаарынын тургуну Азиз Субанбеков үй-бүлөсү менен Америкага кетмек. Бирок февраль айынан бери убара болуп жүрөт.

"Өзүмө, жубайыма жана эки кызыма чет өлкөгө чыгуучу паспорт алайын деп Калкты тейлөө борборуна барсам "бланк түгөнүп калган, май айынын башында болот" дешти. Чет өлкөгө кетүүгө бардык маселе чечилген, бизди паспорт гана кармап турат. Эгер авиабилет сатып алган болсоң, анын негизинде берерин айтып жатышат. Бирок ага ишенбейм, жок жерден чоң суммадагы акчага күйүп калгым келбейт", — деди Субанбеков.

Ал эми Венера Таштаналиеванын паспортунун мөөнөтү бүтүп, бир айдан бери алмаштыра албай жүргөнүн айтты. Анын Түркияда туруктуу жумушу, жашаган үйү да бар эле.

"Пандемияда келип кайра кете албай калдым. Кыргызстандын жараны болуп туруп өзүмдүн паспортумду алуу ушунча оор болуп жатат", — деди Таштаналиева.

Паспорт алгандардын саны үч эсе өсүп кетти

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев 2020-жылдын декабрында жана 2021-жылдын январь-февралында жалпы жарандык паспорт алгандардын саны үч эсе өсүп кеткенин айтууда.

Председатель Государственной регистрационной службы Кыргызской Республики Акын Мамбеталиев в своем рабочем кабинете
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев
"Былтыр июль айында бизде 300 миңдей паспорт бар болчу. Негизи айына орто эсеп менен 25-30 миң даана берчүбүз. Өткөн жылы COVID көбөйгөн учурда суроо-талап 5-10 миңге түшүп кетти. Анализ кылып көрсөк быйылкы июнга чейин жетмек. Бирок кышында үч эсе жогорулап, үч айда эле 180 миң паспорт бердик. Көбү Казакстан менен Россияга чыга баштады. Анан да бул өлкөлөр эпидкырдаалдан улам жалпы жарандык паспорт менен кирүүнү талап кылган. Кийинчерээк ал чектөөнү алып, кайра ID паспортко уруксат берди", — деди Мамбеталиев.

Деген менен суроо-талап канчага өскөнүн мурунку жылдарга салыштыруу үчүн статистиканы сурасак, Мамкаттоо бере алган жок.

Мурда Таалайбек Жумадыловдун "Интел Линкс" компаниясы кыргыз жарандарынын паспортун басып чыгарчу. Ал мындай кризис биометрикалык паспортторду чыгаруу кечеңдегенден эмес, азыркы колдонуудагы паспорттордун запасы камдалбаганынан жаралганын айтат.

"Мамлекеттик каттоо кызматы алдын ала жылдык запасты сатып алышы керек эле. Алар көбүрөөк камдап коюунун ордуна өз күчүнө ашкере ишенип алышты окшойт. 1-январдан же 1-марттан тарта жаңы долбоорду ишке киргизебиз деп ойлошкон. Бул өндүрүш, күтүлбөгөн жагдайлардын жаралып калуу тобокелчилиги ар дайым болуп келген. Ошондуктан алар кол тийбестик запасын түзгөн эмес. Натыйжада ушундай кырдаалга кептелип отурушат", — деди эксперт.

Учурдагы жалпы жарандык паспортторду англиялык De la Rue компаниясы басып чыгарат. Жумадыловдун айтымында, аталган ишкана "буюртма 300 миңден кем эмес көлөмдө болсун, аны декабрдан кийин гана даярдап беребиз" деген талабын койгон. Себеби айла жоктон буюртма берилип жатканын алар да билип, коммерциялык кызыкчылыгын көздөп жатат.

Мамкаттоонун төрагасынын мындай буюртма берүү ниети жок. Ал журналисттин суроосуна жооп берип жатып май айынын аягында жаңы үлгүдөгү паспорттор элдин колуна тиерин убадалады. Учурда тендерден уткан германиялык Mühlbauer ID Services GmbH компаниясы 1 миллион 200 миң даана бланк басып чыгарып койгон. Ага персоналдык маалыматтарды Мамкаттоо өзү киргизет. Бул үчүн 2017-жылы жабдыктар БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен алынган.

Паспорт аларың менен чет өлкөгө чыга албайсың

Майга чейин жасап жетишери да шек жаратат. Себеби азыркыга чейин жаңы муундагы паспорттордун сүрөттөлүшү, үлгүлөрү жана жарактуулук мөөнөттөрүн бекитүү жөнүндө өкмөттүн токтому чыга элек. Андан соң жаңы документти Эл аралык жарандык авиация уюмуна мүчө мамлекеттер (ICAO) таанышы керек. Башкача айтканда, Тышкы иштер министрлиги аркылуу жаңы паспорттун үлгүсү чет мамлекеттерге жөнөтүлүп, алардын тийиштүү органдары кабардар болушу шарт.

Премьер-министр Улукбек Марипов кабарлады Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Эксперттин айтымында, легализациялоо процессине 90 күндүк убакыт кетет. Демек, жарандарга майда паспорт берилген чакта да дароо эле каалаган өлкөсүнө чыгып кете албайт.

Мунун айынан кимдир бирөө көздөгөн жумушуна, окуусуна бара албай, дагы бирөөнүн кыялы орундалбай калышы мүмкүн. Ошондой эле чет өлкөдө дарыланууга, операция жасатууга муктаж жарандардын өмүрү коркунучта. Мындан улам элдин убалы кимге деген суроо жаралат?

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев паспорт кризиси үчүн эч ким жоопко тартылбаганын сындады.

Депутат Жогорку Кенеша Аалы Карашев
© Фото / пресс-служба ЖК
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев
"Бизге бул өнөкөт болуп калды. Башка өлкөлөргө деле уят болуп бүтмөй болдук. Күнөөлүүлөрдүн жоопкерчилигин караш керек. Буга эл күнөөлүү эмес да. Качанкыга чейин ушинтип жүрө беребиз?" — деди Карашев.

Өз кезегинде Акын Мамбеталиев мындай кырдаалга кептелгени үчүн жетекчи катары элден кечирим сурады.

Ошону менен бирге ал 14-апрелге карата 11 800дөй бланк калганын билдирди. Учурда жалпы жарандык паспорт негиздеме менен гана берилип жатат.

"Чет өлкөгө дарыланууга, ооруган кишини коштоп барчулар, окууга тапшыруучулар, ал жактагы ата-энелер балдарын өзүнө чакырууну кааласа бизге арыз жазышы керек. Комиссия карап четинен берип жатат. Ал эми эс алууга бараткандарга паспорт бере албайбыз", — деди Мамбеталиев.

Эксперт Таалайбек Жумадылов дефицит жаралган учурда кырдаалдан акча жасоого азгырылгандар сөзсүз түрдө чыгарын белгилеп, азыркыдай шартта паспорт алуу үчүн 1 500 долларга чейин берип жатканын айтты.

Демек, мындан да акча жасагандар чыкпайт деп эч ким кепилдик бере албайт сыяктуу.

Дизайны эмнеге өзгөрдү

Эми тарыхка бир аз токтоло кетели. Биометрикалык жалпы жарандык паспортко өтүү жараяны 2018-жылы башталган. Кийинчерээк ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, мындай дизайндагы паспорт иштеп чыгышкан.

Ал эми 2020-жылы Мамлекеттик каттоо кызматы коопсуздук элементтерин күчөтүү максатында деп өз алдынча эле сырткы көрүнүшүн ушундай кылып өзгөрткөн. Бул дизайн көпчүлүккө жага бербей, шакаба кылгандар да болгон.

Мыйзам боюнча жаңы үлгүдөгү паспорт өкмөттүн токтому менен кабыл алынышы керек эле. Бирок жарандар кандай паспорт менен жүрүшү керектигин Мамкаттоонун жетекчилиги гана чечип койгон.

Эми убагында бүтпөсө катуу жазаланат

Март айында өкмөт башчы Улукбек Марипов биометрикалык паспорт өз мөөнөтүндө даярдалбаганы үчүн Мамкаттоонун төрагасы Акын Мамбеталиевге сөгүш берип, аталган ишке жооптуу орун басары Тилек Батыркановду жумуштан алган. Эгер дагы үзгүлтүккө учураса катуу жаза колдонуларын эскерткен.

Ал эми мөөнөтү бүтүп бараткан жалпы жарандык паспорттун мөөнөтүн 1-сентябрга чейин узартуу чечими кабыл алынган. Бирок бул да элди сооротуунун бир түрү катары кабылданууда. Себеби документтин жарактуулугун узартуу үчүн паспортко штамп гана басылат. Ага кабыл алчу өлкөлөр ишенери күмөн, себеби аны жасалмалап коюу да мүмкүн.

Ал эми алты ай же бир жылга виза ачтырууну каалагандардын жаңы паспорттун келишин күтүүдөн башка айласы жок.

Белгилер:
Акын Мамбеталиев, Кыргызстан, жаран, дефицит, паспорт, Мамлекеттик каттоо кызматы
Тема боюнча
Ишканалар канча сомдон төлөйт? Электр кубаты үчүн сунушталган бардык тарифтер
Бир айда 20 миң адам паспорт алып, жарымы улутун көрсөттүрдү