Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эрнис Осмонбаев: кайындарын, аялын бычактап өлтүргөн кишинин артында 3 бала калды

© Фото / Данислан АсамадиновСотрудник пресс службы МВД КР Эрнис Осмонбаев
Сотрудник пресс службы МВД КР Эрнис Осмонбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сузактын Беш-Мойнок айылында кайын атасын, кайын энесин жана аялын өлтүрүп, өзүн дагы өлтүргөн 31 жаштагы кишинин артында үч баласы калды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев билдирди.
Эрнис Осмонбаев: кайындарын, аялын бычактап өлтүргөн кишинин артында 3 бала калды

"Окуя 6-декабрь күнү саат 11 чамаларында Беш-Мойнок айылында болгон. Кылмышка шектүү деп Өзгөн районунун 31 жаштагы тургуну такталып жатат. Анын ошол үйдүн күйөө баласы экендиги анык болду. Үйгө саат 11лер чамасында бычак менен кирип келип, 29 жаштагы келинчегин, 78 жаштагы кайын атасын жана 72 жаштагы кайын энесин бычактаган", — деди ал. 

ИИМ өкүлү бул трагедиядан үч бала томолой жетим калганын айтты. 

"Алган маалыматтар боюнча алардын ортосунда үч баласы бар экендиги айтылып жатат. Учурда Сузак райондук ИИБ тарабынан тергөө иштери жүрүүдө. Соттук¬ медициналык жана соттук биологиялык экспертиза дайындалды", — деди маалымат кызматынын өкүлү. 

Осмонбаев учурда бул трагедия боюнча Кылмыш кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгондугун билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0