Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Экономика министри: азыркы салык кодекси эскирди

© Фото / пресс-служба минэкономики КРКР экономика министри Арзыбек Кожошевдин архивдик сүрөтү
КР экономика министри Арзыбек Кожошевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2009-жылы түзүлгөн салык кодекси бүгүнкү күндө тарыхый миссиясын бүтүрдү.
Экономика министри: азыркы салык кодекси эскирди

Ишкерлер үчүн жөнөкөй жана түшүнүктүү болгон салык кодексинин жаңы редакциясы иштелип чыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине КР экономика министри Арзыбек Кожошев билдирди.

Анын айтымында, 2009-жылы түзүлгөн салык кодекси бүгүнкү күндө тарыхый миссиясын бүтүрдү.

"2015-жылдын 3-августунда премьер-министр жумушчу топко жаңы салык редакциясын иштеп чыгуу боюнча атайын тапшырма берген. 2009-жылы түзүлгөн салык кодексине жети жылдан бери 60 пайыздан көп өзгөртүү киргендиктен мыйзам кайра иштелип чыгууга тийиш. 2009-жылы Кыргызстан ЕАЭБге кире элек болчу, өлкөдө экономикалык кырдаал да башкача эле. Салык кодексинин жаңы редакциясынын өзгөчөлүгү ишкерлерге ислам принциптери, акционердик коомдор сыяктуу көп түшүнүктөр оңой болуп, төлөө шарттарында жеңилдик жаратуу болуп эсептелет. Негизги максат ишкерлерди колдоо, алардын кызыкчылыгы менен мамлекеттик балансты теңөө болуп саналат", — деди экономика министри.

Бүгүн салык кодексинин жаңы редакциясын ишкерлер ассоциациялары, бейөкмөт уюмдар чогулуп талкууга алышкан. Эми ал коомдук угууга берилип андан соң өкмөткө жана Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0