Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын усулчусу Салтанат Жүдөшованын архивдик сүрөтү

Салтанат Жүдөшова: Ошто сасык тумоону алдын алуу иштери жүрүүдө

77
(жаңыланган 17:04 08.12.2016)
Адистин айтымында, канча окуучу мектепке келип, канчасы ооруканага жатып жаткандыгы тыкыр көзөмөлгө алынган.
Салтанат Жүдөшова: Ошто сасык тумоону алдын алуу иштери жүрүүдө

Ошто сасык тумоону алдын алуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын усулчусу Салтанат Жүдөшова билдирди. 

"Сасык тумоону алдын алуу максатында атайын буйрук чыгардык. Ага ылайык ар бир мектептин кабинетин желдетүү жана кабинеттик системадан класстык системага өтүү каралган. Мындан сырткары маданий иш-чараларды убактылуу токтотуп туруу да айтылган. Бала бакчаларда дагы сасык тумоону алдын алуу боюнча аракеттер жүрүп жатат", — деди Жүдөшова. 

Ал канча окуучу мектепке келип, канчасы ооруканага жатып калгандыгы тыкыр көзөмөлдө экендигин кошумчалады.

77
Белгилер:
сасык тумоо, мектеп, бала
Тема:
Сасык тумоонун өлкө аймагында жайылышы (30)
Тема боюнча
Сасык тумоо менен ооругандар былтыркыга караганда 8,5 пайызга көп
Москвада сасык тумоодон каза болгон кыздын сөөгү Кыргызстанга алып келинди
Сасык тумоодон оолак болуунун кыргызча жолдору. Апамдан үй шартындагы беш лайфхак
Кыргызстанда сасык тумоодон 12 киши реанимацияда жатат
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жооптуу катчысы Жылдыз Койчиева

Койчиева: Улуттук университетке жети миң студентти кабыл алуу мерчемделүүдө

38
(жаңыланган 17:09 13.05.2021)
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жооптуу катчысы Жылдыз Койчиева абитуриенттерди кабыл алуу эки жылдан бери онлайн жүрүп жатканын маалымдады.

Окууга тапшыруу үчүн документтер пандемияга байланыштуу өзгөргөн жок, болгону катталуу онлайн болуп, документтерди "PDF" форматына өткөрүп тиркөө зарыл. Бул тууралуу Жылдыз Койчиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Койчиева: Улуттук университетке жети миң студентти кабыл алуу мерчемделүүдө

Анын айтымында, 2021-2022-окуу жылында Улуттук университеттин 23 факультетине 7000 абитуриент кабыл алуу мерчемделүүдө.

"Абитуриенттерди кабыл алуу комиссиясы өз убагында тийиштүү иштерди жүргүзүүдө. ЖОЖдор Билим берүү министрлигинин көзөмөлүндө биргеликте иш алып барууда. Соңку эки жылда пандемияга байланыштуу окуу жайларына катталуу онлайн өтүп жатат. Бул айрымдарга жеңилдик жаратканы менен кээ бирлер үчүн түшүнбөгөн маселелери жаралып калууда. Өткөн жылы министрликтин сайтында абитуриенттерди каттоого алып, анан өзүбүздүн сайт аркылуу кабыл алып жаттык. Улуттук университетте 23 факультет, педагогикалык кесиптик колледж жана Ош филиалы бар. Мына ушунун баарына ар кандай адистиктер боюнча кабыл алуу жүргүзүлөт. Пандемияга байланыштуу документ тапшыруу процедурасына өзгөрүү кирген жок. Бирок катталуу онлайн болгондуктан абитуриенттер бардык документтерди "PDF" форматына өткөрүп, министрликтин сайтына катталуусу зарыл. Ошондон кийин университетти тандап, анан кабыл алуу жүргүзүлөт. Быйыл жылдагыдай эле жети миң орунга кабыл алууну мерчемдеп жатабыз. Жакынкы коңшу өлкөлөрдөн тапшырууну каалагандар бардык факультетке алына берет", — деди Койчиева.

Ошондой эле ал чет өлкөдө жүрүп окууну каалагандар үчүн дистанттык окутуу дагы бар экенин кошумчалады.

38
Белгилер:
Жылдыз Койчиева, билим берүү, ЖОЖ, абитуриент
Тема боюнча
Окуу жайлар жылына эки ирет абитуриент кабыл алат. Токтом өкмөттө каралууда
Бишкек шаардык кайгуул милициясынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу

Айтикул уулу: жыл башынан бери Бишкекте 841 жол кырсыгы катталды

37
(жаңыланган 10:25 14.05.2021)
Бишкек шаардык кайгуул милициясынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу аталган кызмат азыркы учурда жөө кайгуул күзөт кызматы менен мамлекеттик авто инспекциясынын бириктирилген милдетин аткарарын айтты.

Бишкек шаардык кайгуул милициясында учурда 761 кызматкер иштесе, анын 40ы аял киши. Акыркы төрт айда 251 кызматкер ишин мыкты аткаргандыгы үчүн сыйланса, 158 кызматкер ишиндеги кемчиликтери үчүн тартиптик жазага тартылды. Бул тууралуу Байказы Айтикул уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Айтикул уулу: биринчи кварталда Бишкекте 841 жол кырсыгы катталды

Анын айтымында, "Коопсуз шаар" долбоорунун камералары орнотулбаган көчөлөрдө жол кырсыктары көп катталат.

"Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын кайгуул милициясы коомдук коопсуздукту сактоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана 102 линиясы аркылуу жарандардан түшкөн ар кайсы багыттагы чакырууларды кабыл алып, үч багытта ыкчам чара көрүп жатат. 2021-жылдын башынан тарта Бишкек шаарынын аймагында 841 жол кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 1084 адам жаракат алып, 19 жаран каза тапты. 2020-жылга салыштырмалуу мерт болгондор жети кишиге аз. Андан сырткары, 102 номери аркылуу чакыруулар боюнча үй-бүлөлүк чыр-чатактарды жайгарып, суук мезгилде подъезд, жылуу суу түтүктөрүндө баш калкалаган үй-жайсыз жарандарды муниципалдык жайга жеткирип жаттык. Ошондой эле өспүрүмдөр аралашкан кылмыш фактылары каралды. Ал эми үстүбүздөгү төрт ай ичинде Кайгуул кызматы тарабынан 111 миң 628 жол эрежисин бузуу фактысы катталды. Терезесин караңгылатып алган, коопсуздук кур тагынбаган жана "Коопсуз шаар" долбоору боюнча айып пулун төлөбөгөн айдоочуларга протокол түзүлдү. Аларга жалпы 154 миллион 632 миң 500 сом айып пул салынып, анын ичинен 34 миллион 153 миң 872 сом мамлекеттик бюджетке түштү", — деди Айтикул уулу.

Маалымат кызматынын өкүлү эгер тартип, жол эрежелерин бузуу катталса кайгуул милициянын нөөмөт бөлүмүнүн 0509 102 122 whatsapp номерине фото, видео жөнөтсө болорун кошумчалады.

37
Белгилер:
Байказы Айтикул уулу, жол кырсык, коопсуздук, Кайгуул милициясы
Тема боюнча
Ош: үч ай ичинде жол кырсыктарынан 23 адам каза болду

Футбол боюнча Европа чемпионатынын расмий ыры жаңырды. Видеоклип

0
(жаңыланган 12:18 14.05.2021)
Чемпионаттын расмий ырын голландиялык ди-джей Мартин Гаррикс, ошондой эле Ирландиянын U2 Bono жана The Edge рок тобунун мүчөлөрү аткарышты.

Трек We are the people ("Биз — элбиз") деп аталат.

"Жаңы ырымды (Боно жана Эдже катышкан) тартуулай турчу да күн келди. Ал быйылкы жылы өтүүчү футбол боюнча EURO турниринин расмий ыры болот", — деген Гаррикс.

2020-жылга белгиленген Европа чемпионаты коронавирус пандемиясынан улам 2021-жылдын жай айына жылдырылган болчу.

Европа биринчилигин 11-июндан тарта 11-июлга чейин континенттеги 11 шаарда өткөрүү пландалган. Ал үчүн Санкт-Петербург (Россия), Лондон (Англия), Севилья (Испания), Мюнхен Германия), Баку (Азербайжан), Рим (Италия), Бухарест (Румыния), Копенгаген (Дания), Амстердам (Нидерланддар), Глазго (Шотландия) жана Будапешт (Венгрия) шаарлары тандалган.

0
Белгилер:
клип, мелдеш, Европа чемпионаты, футбол
Тема боюнча
Кыргызстандык дзюдочу кыздар Азия кубогунда намыс талашат