Ак-Талаа районунун акиминин орун басары Жылдыз Мамбетованын архивдик сүрөтү

Мамбетова: сасык тумоого байланыштуу Ак-Талаада беш бала бакча жабылды

48
(жаңыланган 18:10 08.12.2016)
Санитардык көзөмөлдөө кызматы тарабынан бардык мектеп, бала бакчалар текшерилип, жыйынтыгында беш бала бакчада балдардын катышуусу төмөн экени байкалган.
Мамбетова: сасык тумоого байланыштуу Ак-Талаада беш бала бакча жабылды

Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунда сасык тумоого байланыштуу беш бала бакча жабылды. Бул тууралуу Ак-Талаа районунун акиминин орун басары Жылдыз Мамбетова Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында сасык тумоо катуу жүрүп жаткандыктан санитардык көзөмөлдөө кызматы текшерүү иштерин жүргүзгөн. 

"Өзгөчө коркунучтуу инфекцияларды алдын алуу координациясы балдардын катышуусу 30 пайызды гана түзүп калган беш бала бакчаны 12-декабрга чейин жабуу чечимин чыгарды. Алар Баетов айылындагы №3 "Тынчтык" бала бакчасы, Кайыңды-Булак айылынын "Чолпон", Коңорчок айылындагы "Кубан Бөбөк", Жерге-Тал айылындагы "Аруу-Нур" жана Жаңы-Тилек айылындагы "Нурал" бала бакчалары. Учурда бакчаларда антисанитардык иш аракеттер жүргүзүлүп жатат", — деди Мамбетова.

Ал ошондой эле сасык тумоодон жабыркап аймактык ооруканаларга кайрылган жана жаткандардын саны азайып калганын кошумчалады. 

48
Белгилер:
тарбиячы, бала бакча, сасык тумоо, Ак-Талаа
Тема:
Сасык тумоонун өлкө аймагында жайылышы (30)
Тема боюнча
Чүйдө дагы 24 мектеп карантинге жабылды
Cасык тумоо боюнча абалды өкмөт өзгөчө көзөмөлгө алды
Спорттук комментатор, граундхоппер Бексултан Усеналиев

Усеналиев: граундхоппингге кызыгып дүйнөнү кыдыргандар көбөйдү

7
Спорттук комментатор, граундхоппер Бексултан Усеналиев өлкөдө граундхоппинг аркылуу футболдук стадиондорго барып, дүйнөнү кыдыргандардын саны көбөйүп жаткандыгын айтты.

Дүйнөнүн белгилүү граундхопперлери Кыргызстандагы футболдук беттештерге катышып, стадиондорду каттап кеткендер бар. Мындай пикирин Бексултан Усеналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Усеналиев: граундхоппингге кызыгып дүйнөнү кыдыргандар көбөйдү

Анын айтымында, граундхопперлер футбол көрүп, стадиондорду гана каттабастан башка элдердин маданиятын, тарыхын өздөштүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк алышат.

"Граундхоппинг – футболдук саякаттын бир түрү. Бул түшүнүктүн максаты башка өлкөгө стадионго барып, футбол көрүп, ошол жерди каттоо дегенди билдирет. Бирок жөн гана стадионго кирүү эмес, ал элдин маданиятын, тарыхын өздөштүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Демек, граундхоппинг аркылуу дүйнөнү кыдырса болот. Жалпак тил менен айтсак, стадиондорду коллекциялоо. Бул кыймыл Англияда пайда болгон. "Бристоль Сити" клубунун күйөрманы Англияда болгон 92 футболдук беттешке барып, стадиондорду белгилеген. Бул жетишкендикти каттоо максатында гезит ачып, ийгилиги тууралуу бөлүшкөн. Анын эрдигине суктанып, башкалар да стадиондорду кыдыра башташкан. Өлкөдө фанатизм маданиятына кызыккандар бул кыймылды жакшы түшүнөт. Кыргызстанда мындай адамдардын башын бириктирген уюм жок. Болгону "граундхоппер" деген тиркемени смартфонго көчүрүп алып, барган стадионду, оюнду, шаарды белгилеп каттап коёбуз. Бизде кыймылга активдүү катышкан 4-5 адам бар. Мисалы, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго дүйнөнүн кайсы өлкөлөрүнөн граундхопперлер келгендигин кароого болот", — деди Усеналиев.

Ошондой эле ал Кыргызстан европалыктар үчүн абдан кызыктуу өлкө деп эсептелерин кошумчалады.

7
Белгилер:
Бексултан Усеналиев, саякат, футбол
Тема боюнча
Жетим өсүп жетилген. Башкы стадионго аты берилген Дөлөн Өмүрзаков деген ким?
КТРКнын башкы директорунун радио уктуруулар боюнча орун басары Айбек Мусаев

Мусаев: "Кыргыз радиосунун" 90 жылдыгы мамлекеттик масштабда өтөт

8
(жаңыланган 12:36 14.05.2021)
КТРКнын башкы директорунун радио уктуруулар боюнча орун басары Айбек Мусаев "Кыргыз радиосунун" 90 жылдык мааракесин мамлекеттик деңгээлде өткөрүү мерчемделип жатканын маалымдады.

"Кыргыз радиосунун" 90 жылдан бери эфирден жаңырып, коомдун саясий-экономикалык, адабий, маданий жана башка турмушун чагылдырып келет. Уктуруулар атайын архив болуп саналган алтын казынада сакталып турат. Бул тууралуу Айбек Мусаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Мусаев: "Кыргыз радиосунун" 90 жылдыгы мамлекеттик масштабда өтөт

Анын айтымында, интернеттин өнүгүүсү менен радио пассивдүү маалымат каражаты саналганы менен заман талабына жараша ыңгайлашуу мүмкүнчүлүгү бар.

"Өз кезегинде дүйнөдө ыкчам маалымат таратуучу каражат катары радио саналып келсе, учурда салттуу ЖМК катары эсептелет. Радио угармандар маалымат алуучулардын 72 пайызын түзөт деп айтылганы менен учурда башка маалымат каражаттарына караганда пассивдүү болууда. Ошентсе дагы ал өзүнүн салттуу багытын сактап келе жатат. Заманбап техниканын көмөгү менен визуалдашып, интернет аркылуу эфирге чыгып, оперативдүү, ыкчам маалымат таратууга ыңгайлашууда. КТРКнын "Кыргыз радиосу" FM жыштыгынан турган жалгыз радио болгон. 90 жылдан бери коомдун саясий-экономикалык жашоосун, адабият, маданият жана башка элдин турмушун чагылдырып келет. "Кыргыз радиосунун" 90 жылдык мааракеси пандемияга туш келип калды. Ошого карабастан эпидемиологиялык абал жакшырса, күзгө чукул илимий-практикалык конференциялар пландалууда. Ал иш-чара эл аралык деңгээлде болсо деген максаттар бар. Учурда КТРКнын карамагында "Биринчи радио", "Кыргыз радиосу" жана "Миң кыял" болуп, үч түрдүү контенти бар. Кылымга тете убакытта "Кыргыз радиосунун" эфирден кеткен архиви алтын казынасында сакталып турат. Мындан тышкары, "Балдар FM" жана "Достук" деген редакциялар бар болчу. Алардын угармандары азайып, тийиштүү деңгээлде натыйжа бербегендиктен эки радиого чачыратылып, реорганизация жасалган. Мамлекет каржылап, мүмкүндүк түзүлсө балдар үчүн радио түзүү зарылдыгы бар. Учурда "Келечек" деп аталган радионун программалары иштелип чыккан", — деди Мусаев.

Ошондой эле ал радио-спектаклдерди кайрадан жаздыруу жөнгө салына баштаганын кошумчалады.

Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз:

8
Белгилер:
маараке, КТРК, радио, Айбек Мусаев
Тема боюнча
Орокчиев: көзү өтүп кеткендердин маегин угуп "бул тирүү экен" дегендер болгон
Токтогул суу сактагычы. Архив

Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли көтөрүлүүдө

0
(жаңыланган 13:26 14.05.2021)
Быйыл суу сактагычтагы суу кескин азайып кеткендиктен жээкке адамдардын сөөктөрү чыгып, суу алдында калган курулуштардын калдыктары көрүнүп калган.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14-майга карата 9 миллиард 605 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасы кабарлады.

Ишкананын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, учурда суу сактагычка секундасына 1 085 куб метр суу агып кирүүдө. Ал эми агып чыккан суунун көлөмү 251 куб метрди түзөт.

Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли кескин төмөндөп кеткендиктен жээкке адамдардын сөөктөрү чыгып, суу алдында калган курулуштардын калдыктары көрүнүп калган.

Жакында эле Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Токтогул суу сактагычына барып, объектинин азыркы абалын жеринен видеого тартып келген.

Суу сактагычка 19,5 миллиард куб метр суу батат. Минималдуу деңгээл 5,5 миллиарддга чейин болушу керек.

0
Белгилер:
суу сактагычы, Токтогул ГЭСи, деңгээл, суу, электр энергиясы
Тема боюнча
Кыргызстан Орто Азияны климаттык апааттан сактап кала алат. Суу тууралуу маек
Астапаев: электр энергия өндүргөн сүзүп жүрүүчү станциялар курулат