Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаевдин архивдик сүрөтү

Жеңиш Ашырбаев: Ошто шайлоо учурунда одоно мыйзам бузуу болгон жок

39
Жекшемби күнү кыргызстандыктар жергиликтүү кеңешке депутаттарды тандап, Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумга катышты.

Ош облусунда шайлоо жана референдум учурунда одоно мыйзам жана тартип бузуулар катталган жок. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди. 

"Ош облусунун аймагында 484 шайлоо участогунда шайлоо жана референдум болуп өттү. Алардын ар биринде бир-экиден милиция кызматкерлери тартипти көзөмөлдөп турду. Бир да жерден чыр-чатак, нааразычылыктар, мыйзам бузуулар катталган жок", — деди Аширбаев. 

Эске сала кетсек облус аймагында 580 миндей шайлоочу бар.

39
Белгилер:
тартип, шайлоо, Жеңиш Ашырбаев, Ош
Тема:
Жергиликтүү кеңеш шайлоосу (84)
Тема боюнча
Шайлоонун шарапаты менен шылуунчулукка шектелген талапкер кармалды
2 миллион сомдук мандат: партиялар Бишкек шаардык кеңештеги орун үчүн канча коротту