Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Айзура Чыкынова

Айзура Чыкынова: сасык тумоодон 60 мектепте, 19 бала бакчада карантин уланууда

50
Буга чейин Кыргызстан боюнча 141 мектеп бир жумага карантинге жабылган. Учурда Бишкектеги мектептердин баары толук кандуу иштеп жатат.
Айзура Чыкынова: сасык тумоодон 60 мектепте, 19 бала бакчада карантин уланууда

Мектептер менен бала бакчалар сасык тумоонун жайылышынын алдын алуу үчүн райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменттеринин сунушу менен жабылганын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Айзура Чыкынова билдирди.

Ал ошондой эле учурда өлкө боюнча 60 мектеп менен 19 бала бакчада карантин уланып жатканын кошумчалады.

"Жалпысынан 60 мектеп сасык тумоодон улам жабылды. Облустар боюнча алып караганда Таласта — 29, Ошто — 1, Ысык-Көлдө — 10, Чүйдө — 18 жана Нарын менен Ысык-Көл облустарында бирден мектеп жабык", — деди Чыкынова. 

Мындан тышкары, Чыкынова карантинге өлкө аймагы боюнча 19 бала бакча жабылганын белгиледи. 

50
Белгилер:
сасык тумоо, карантин, билим берүү, Айзура Чыкынова, Кыргызстан
Тема:
Сасык тумоонун өлкө аймагында жайылышы (30)
Тема боюнча
Сасык тумоодон улам өлкөдөгү 60 мектепте карантин уланууда
Эрдик-подвиг фондунун башкы адиси Гүлнура Мырзаканова

Мырзаканова: 10 жылда 2,5 миңдей ардагер тууралуу маалымат табылды

7
(жаңыланган 11:21 07.05.2021)
"Эрдик-подвиг" фондунун башкы адиси Гүлнура Мырзаканова аталган фонд 10 жыл аралыгында Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон 2,5 миң адам тууралуу маалыматтар табылганын маалымдады.

Дайынсыз жоголгон ардагерлер тууралуу маалымат таап бергенде жакындары эми гана кара кагаз келип, кабар жеткендей болобуз дешет. Бул тууралуу Гүлнура Мырзаканова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Мырзаканова: 10 жылда 2,5 миңдей ардагер тууралуу маалымат табылды

Анын айтымында, учурда Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгондорду издеген сайттар абдан көбөйдү.

"Соңку 10 жыл аралыгында 2,5 миңдей ардагер тууралуу маалыматтар табылды. Алардын арасында концлагерге түшкөндөр, атылып кеткендер бар. Кандай гана маалымат болбосун, аны жакындары менен бөлүшүп ишти ачык алып баруудабыз. Азыр ардагерлер тууралуу маалыматтар камтылган сайттар абдан көбөйдү. Алар аркылуу дайынсыз жоголгон жоокерлер тууралуу өз алдынча маалымат тапкан адамдарга консультациялык кеңештерди беребиз. Жакынын табууну каалагандар абдан көп кайрылат, бирок анын баарына жетишүү мүмкүн эмес. Жыл сайын жаңы маалыматтар чыгып турат. Ошондуктан ардагерлерди издөөдө сабырдуулук кылып, үмүттү үзбөш керек. Алар тууралуу кабар келгенде жакындары жаңы кара кагаз келгендей болобуз деп ыйлашат. Ивановкада Салый деген апа бар болчу. Ал кишинин атасы согушка кетип дайынсыз жоголуп кеткен. Анын апасы, Салый апанын чоң энеси сүрсүгөн чучукту сактап, жол карап күткөнүн айтып берген. Апасы өмүр бою күткөнү аз келгенсип, анын кызы Салый апа да 70 жаштан өткөнчө эч кандай маалымат ала албай жүрүптүр. Кийин анын атасы тууралуу маалыматты таап бердик, тилекке каршы, Венгрияга барып келе албай көзү өтүп кетти", — деди Мырзаканова.

Ошондой эле ал айрым айылдардын согуш учурундагы аталышы өзгөрүп кеткени дагы ардагерлерди издөөдө татаалдык жаратарын кошумчалады.

7
Белгилер:
согуш, издөө, ардагер
Тема боюнча
Согуш ардагеринин небереси: чоң атамдын сөөгүн 7 жыл издедим
Аксакалдар соту ассоциациясынын жетекчиси Замира Мамакеева

Мамакеева: аксакалдар соту эми жергиликтүү бийликтин бир бутагы болот

46
(жаңыланган 14:24 06.05.2021)
"Аксакалдар соту" ассоциациясынын жетекчиси Замира Мамакеева жаңы Конституцияга ылайык, Аксакалдар соту институту жергиликтүү бийликтин бир бутагы болуп кирерин айтты.

Аксакалдар сотунун өзгөчө айыл жерлеринде зарылчылыгы абдан жогору. Андыктан бул институтту күчтөндүрүү керек. Мындай пикирин Замира Мамакеева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча 795 аксакалдар соту болсо, борбор калаада 48 институт иш алып барат. Анын 248 мүчөсү бар.

Мамакеева: аксакалдар соту эми жергиликтүү бийликтин бир бутагы болот
"Мыйзамдар өзгөрүп отуруп, азыркы убакка чейин аксакалдар соту 3-4 гана беренени караганга укуктуу болуп калган. Ошону менен бирге эле төрагалары 1000 сомдун айланасында айлык алса, мүчөлөрү кварталына 250 сом алышчу. Отуруп иш алып барган мекемелери да жок болчу. Азыркы жаңы Конституция боюнча аксакалдар соту жергиликтүү бийликке караган орган болуп калат. Каржы маселеси да айыл өкмөт, мэриялар тарабынан чечилет. Эми аксакалдар сотунун төрагаларына 3000-5000 сомдон айлык чегерип, мүчөлөрүнө 1000-1500гө чейин маяна төлөө пландалууда. Ошондой эле санын кыскартуу да каралып жатат. Мурда айыл жергесинде тогузга чейин мүчөсү болуп, кворум өтүшү үчүн кеминде беш мүчөсүн чогултуу абзел болчу. Эми шаарларда жалпысынан беш, ал эми айыл жеринде жети соттон турган аксакалдар сотун түзүү жана үч мүчөнүн катышуусу менен кворум бар деп эсептей берүү каралууда", — деди Мамакеева.

Ал жаңы даярдалып жаткан мыйзам актылары боюнча аксакалдар соту 20га чукул берене менен иш алып бара аларын кошумчалады.

46
Белгилер:
конституция, мыйзам, аксакалдар соту, Замира Мамакеева
Тема боюнча
Мамакеева: аксакалдар сотунун мүчөлөрү 80 сомдой айлык алат
Баткен районундагы турак жайдын фундаментин салуусу. Архив

Кармышаков: курулуш компаниялары баткендиктерге күзгө чейин үй салып берет

0
Экономика министри өкмөттүн атынан өз каалоосу менен үй салып берем деген ишкер, курулуш компанияларынын жетекчилерине ыраазчылык билдирди.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Өкмөт менен жолугушуу учурунда курулуш компаниялары Баткенде чек ара чырынан турак жайы жок калгандарга 1-сентябрга чейин үй салып берүү ниетин билдиришти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборундагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, азыр качкындардын баарына убактылуу жашап туруу үчүн ӨКМдин чатырлары берилген.

"Президент үй-жайынан ажырагандардын баарына там салып берүү тапшырмасын койду. Бул багыт боюнча министрлер кабинети ишкерлер, анын ичинде курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдүк. Алар 1-сентябрга чейин жабыркагандарга бардык шарты менен үй салып берүү ниетин билдиришти", — деди экономика министри.

Кармышаков курулуш компанияларынын бири 30 үй салып берүүнү убадаласа, кээ бири 10, айрымдары 6-8ден там салууну айтышканын белгиледи.

"Жардам берем дегендер көп. Биз алардын баарын чогултуп туура жолго багытташыбыз керек. Республикалык бюджеттен кошумча 700 миллион сом бөлдүк. Анын 200 миллиону талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн ӨКМге берилсе, 500 миллиону чек ара чырынан жабыркаган башка объектилерди оңдоого жумшалат" — деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары социалдык объектилер республикалык бюджеттин эсебинен оңдоло турганын кошумчалады.

Ал өкмөттүн атынан өз каалоосу менен үй салып берем деген ишкер, курулуш компанияларынын жетекчилерине ыраазчылык билдирди.

0
Белгилер:
чыр, чек ара, курулуш, үй, жардам, Улукбек Кармышаков, Баткен
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тема боюнча
Бийлик чек ара чырынан жабыркагандарга компенсация төлөөгө каражатты кайдан алат
Бир айыл 5 уулун жоготту. Турдубайдын чек арада окко учканын 4 баласы биле элек