Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сардар Дүйшөмбиев: курал колдонбосок жаныбарлар адамга жакын болчудай

© Фото / Сапар Абдыраев Пользователь Facebook Акылбек Дуйшембиев
Пользователь Facebook Акылбек Дуйшембиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кумтөр жайлоосунда ээн-эркин жүргөн аркар-кулжалар жөнүндөгү видео Facebook социалдык тармагына жүктөлгөн. Анын автору Сардар Дүйшөмбиев көздүн жоосун алган жаныбарларды ал аймактан көп көрөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.
Сардар Дүйшөмбиев: курал колдонбосок жаныбарлар адамга жакын болчудай

Дүйшөмбиев өзү "Кумтөр" кенинде эмгектенет. Анын айтымында, Кумтөр жайлоосунун аймагынын бир тарабы Сарычат-Эрташ коругуна тиешелүү болгондуктан, мында аркар-кулжалар жакшы сакталып калган. 

"Жумушума байланыштуу тескей Ала-Тоонун Кумтөр өрөөнүндөгү Ара-Бел суусунун жээгине көп барабыз. Көпчүлүк учурда аркар-кулжа, түлкү, карышкырларды көрөбүз. Шартыбыз болгон учурда видеого тартып калабыз. Курал колдонбосок эле, жаныбарлар адамга жакын жүрө берчүдөй. Тоолордо ушундай жаныбарлар жүрсө биртоп кооздукту жаратат экен", — деди Дүйшөмбиев.

Анын айтымында, Кумтөрдүн аймагында карышкыр, түлкү сыяктуу жаныбарлар көп.

Жаңылыктар түрмөгү
0