Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жаңыл Асанбекова: "Разбуди меня" тасмасын Кыргызстанда көрсөтүү пландалып жатат

© предоставлено Жаныл АсанбековойОрустардын "Кухня" сериалындагы Айнуранын ролунан кийин таанылган мекендешибиз Жаңыл Асанбекова. Архив
Орустардын Кухня сериалындагы Айнуранын ролунан кийин таанылган мекендешибиз Жаңыл Асанбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Орустардын "Кухня" сериалындагы Айнуранын ролунан кийин таанылган мекендешибиз Жаңыл Асанбекова орус жана чет элдик режиссерлордун көзүнө көрүнө алды.
Жаңыл Асанбекова: "Разбуди меня" тасмасын Кыргызстанда көрсөтүү пландалып жатат

"Кухня" долбоорунан кийин бир топ тасмаларга тартылган Жаңыл Асанбекова жакында эле француз режиссеру Гийом Проценконун "Рузбуди меня" тасмасында баңги бизнеси менен алектенген аялдын ролун жаратты. 

"Тасмада адамдын негизги көйгөйлөрү болуп келе жаткан баңги бизнеси жана миграция тууралуу баяндалат. Мен Азия өлкөлөрүнүн биринен келген, баңги зат ташып сатуу менен алектенген аялдын образын жаратам. Кинонун тартылышына чоң салым кошкондордун бири Татьяна Петрик дагы биздин мекендешибиз. Өзү кара-балталык. Кинонун авторлору тасманы Кыргызстанга дагы алып барып көрсөтүүнү максат кылып жатышат", — деди Асанбекова. 

Жаңыл Асанбекова "Кухня" тасмасынан кийин аты чыгып, кийин "Вместе навсегда" (Украина), "Анжелика", "Срочно выйду замуж" сыяктуу бир катар тасмаларга тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0