Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Айдаралиева: ГЭСтеги бир агрегаттын иштебей калышы жарык берүүгө таасир бербейт

© Фото / Роман Гайнанов"Электр станциялары" ААКтын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиеванын архивдик сүрөтү
Электр станциялары ААКтын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Токтогул ГЭСинде 15-декабрда №2 агрегат иштебей калган.
Айдаралиева: ГЭСтеги бир агрегаттын иштебей калышы жарык берүүгө таасир бербейт

Токтогул ГЭСиндеги кубаттуулугу 300 мегаваттык №2 агрегаттын иштен чыгышы өлкөнү электр энергиясы менен камсыздоого эч кандай таасир бербей турганын "Электр станциялары" ААКтын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди.

"Учурда агрегаттын жарактан чыгуу себептери такталууда. Кырсык болгон жерде ГЭСтин кызматкрелери, Россиядан келген адистер, Экологиялык техникалык инспекциянын атайын комиссиясы иштеп жатат", — деди ал.

Айдаралиева ошондой эле электр энергиясын колдонууга чектөө киргизилбегенин, учурда иштеп жаткан ГЭС менен ТЭЦте иштелип чыккан электр энергия өлкөнү толук түрдө жарык менен камсыздөөгө жетерин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0