Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бакытбек Марипов: Кыргыз-Ата боюнча спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды

© Фото / Зульфия ТургуноваНоокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөт башчысы Бакытбек Марипов
Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөт башчысы Бакытбек Марипов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мас абалында башаламандык уюштургандар көп катталгандыктан, айыл эли көптөн бери бул маселени көтөрүп келишкен.
Бакытбек Марипов: Кыргыз-Ата боюнча спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды

Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө уруулук, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында калктын өз ара чечими менен дүкөндөрдө спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Бакытбек Марипов билдирди. 

"Спирт ичимдиктерин саткандарды тыюуга мыйзам жол бербегендиктен, аксакалдар соту жамааттык топ менен биргеликте өз ара чечим чыгарган. Ушундай жол аркылуу калктын сунушун ишке ашырууга аракет кылуудабыз. Ичимдик ичкендер эртеси соолукканда жамаатын алдына барып, элден кечирим сурап жатышат" — деди Марипов.

Белгилей кетсек, Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө Ак-Булак, Кара-Таш, Борко, Көтөрмө, Кара-Кой, Кыргыз-Ата, Туш-Булак айылдары бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0