Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аширбай Жусупов: эмки жылы төрт шаарга ветеринардык лаборатория курулат

© Фото / Таабалдиев ТилекКРдин Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Аширбай Жусупов
КРдин Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Аширбай Жусупов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмдиги жылы Талас, Баткен, Каракол, Балыкчы шаарларында ветеринардык лаборатория курула тургандыгын КРдин Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Аширбай Жусупов билдирди.
Аширбай Жусупов: эмки жылы төрт шаарга ветеринардык лаборатория курулат

Анын айтымында, буга мамлекет тарабынан 190 миллион сом каражат каралган.

"Лабораториялар үчүн жерлер бөлүндү. Бардык документтер даяр. 2017-жылдын январь айынан тарта курулуш иштери башталат. ЕАЭБдин талаптарына жооп берген бардык бөлүмдөр курулат", — деди Жусупов.

Ошондой эле ал республикалык деңгээлдеги лабораториялардын учурдагы абалына токтолду. 

"Бишкектеги республикалык ветеринардык лаборатория жана Ош облустук зоналдык лаборатория капиталдык ремонттон өтүп жатат. Адистер Россияга барып окуп келишти. 2017-жылдын апрель айында жабдыктар Россиядан толугу менен келип түшөт. Ошондо тамак-аш коопсуздугу боюнча лабораториялар толук кандуу иштей баштайт", — деди инспекциянын өкүлү.

Мындан сырткары, Жусупов 2017-жылы ЕАЭБдин талаптарына жооп берген 10 пилоттук мал союучу жайлар курула тургандыгын кошумчалады. Ага мамлекеттен 300 миллион сом бөлүнмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0