Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Марина Жапаркулова: балдардын ишеним телефонуна көбүнчө ата-энелер чалат

© Фото / Алина СейдалиеваЭмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Балдар үчүн ишеним телефону борборунун директору Марина Жапаркулова. Архив
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Балдар үчүн ишеним телефону борборунун директору Марина Жапаркулова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чалуулардын басымдуу бөлүгү Чүй, Ош облустары менен Бишкек шаарынан аткарылган.
Марина Жапаркулова: балдардын ишеним телефонуна көбүнчө ата-энелер чалат

Ишеним телефонуна чалгандардын басымдуу бөлүгү жардам сурап жана үй-бүлөдөгү чыр-чатак боюнча кайрылгандар. 

Балдардын "111" ишеним телефонуна жыл башынан бери 656 кайрылуу болду. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Балдар үчүн ишеним телефону борборунун директору Марина Жапаркулова билдирди. 

"Ишеним телефонуна 11 айда 656 чалуу болгон. Балдар 124 жолу чалса, ата-энелер 532 жолу кайрылган. Мындайча айтканда алардын 21 пайызын балдар түзсө, 81 пайызы ата-энелер. Анда телефон аркылуу 443 адамга кеп-кеңеш берилген. Ал эми 213 чалуу боюнча аймактык бөлүмдөргө билдирүү жиберилген. Чалгандардын басымдуу бөлүгү түрдүү жардам сурап жана үй-бүлөдөгү чыр-чатак боюнча кайрылгандар", —деди Жапаркулова. 

Кайрылгандардын көпчүлүгү Чүй, Ош облустары менен Бишкек шаарынан болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0