Республика — Ата-Журт фракциясынын депутаты Рада Түмөнбаеванын архивдик сүрөтү

Рада Түмөнбаева: Аксынын Билим берүү бөлүмүнүн башчысын текшерүү керек

218
(жаңыланган 15:22 29.12.2016)
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Рада Түмөнбаева Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Угулай Зыябекованын депутаттын ишмердүүлүгүн талкуулаганына нааразы.

Аксы РБББ башчысынын ишмердүүлүгүн текшерүү керек. Бул тууралуу депутат Рада Түмөнбаева парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди. 

"Мен буга чейин Аксы эли менен жолукканда мектеп, бала бакча маселеси көтөрүлгөн. Ошондон улам Шатманов атындагы мектепти капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча Билим берүү жана илим министрлигине кайрылганбыз. Аталган мектеп капиталдык ремонттон өткөрүлө тургандардын тизмесине кирбей калыптыр. Ушундан улам Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Угулай Зыябекова эл алдында депутаттын ишмердүүлүгүн талкуулаптыр. Анын андай кылууга укугу жок", — деди Түмөнбаева. 

Эл өкүлү Билим берүү жана илим министрлигин Угулай Зыябекованын ишмердүүлүгүн текшерүүгө чакырды. 

218
Белгилер:
сын, ишмердүүлүк, Рада Түмөнбаева