Ырчы Нурмат Садыров маек учурунда

Нурмат Садыров: азырынча бойдокчулук менен коштошпойм

463
(жаңыланган 13:38 01.01.2017)
Учурда "Торгоюм" деген ыры менен эл арасында абдан популярдуу болуп жаткан ырчы Нурмат Садыров жеке жашоосу тууралуу айтып берди.
Нурмат Садыров: азырынча бойдокчулук менен коштошпойм

Ырчы балким болочоктогу жубайы күйөрмандарынын арасынан болуп калышы толук мүмкүн экенин да билдирди.

"Бойдок кезде ырдап жүрсөм күйөрман кыздарымдын бардыгы мага тийчүдөй, мен алчудай болуп жакшы мамиле кылышат. Балким болочоктогу жубайым күйөрмандарымдын арасынан деле болуп калышы толук мүмкүн", — деди ырчы.

Садыров ошондой эле кичинекей кезинен бери ырчы болом деп кыялданып келгенин, эми ошол тилектери азыр ишке ашып жатканын баса белгиледи. Андан сырткары, келечекте үй-бүлө менен чыгармачылыкты бирге алып кетем деген ой-максаттары бар экенин айтты.

Белгилүү ырчы менен болгон маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окусаңыз болот>>

463
Белгилер:
шоу-бизнес, ырчы, Нурмат Садыров
Тема боюнча
Ырчы Нурмат Садыров: жашоодогу "торгоюмду" таба элекмин
Кыргыз Республикасынын эл артисти, театр жана кино актеру, белгилүү куудул Күмөндөр Абылов

Абылов: кыргыз күлкүсүнүн 45 түрү бар

68
(жаңыланган 12:39 24.06.2021)
Кыргыз Республикасынын эл артисти, театр жана кино актеру, белгилүү куудул Күмөндөр Абылов кыргызда күлкүнүн 45 түрү бар экенин айтты.

Кыргызды күлдүрүш кыйын дешет. Чынында ушундай, анткени биздин эл ишенген нерсесине гана күлөт. Бирок бул кыргызда күлкү жанры өнүкпөй калган дегенди түшүндүрбөйт. Мындай пикирин Күмөндөр Абылов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Абылов: кыргыз күлкүсүнүн 45 түрү бар

Анын айтымында, аталган жанрды өнүктүрүү иштери колго алынбай жатат.

"Кыргыз элинде күлкү жанры абдан өнүккөн. Мунун далили катары аталган жанрдын 45 түрү бар экенин айтсак болот. Күлкү, күйдүргү, жанытма, кыйытма, апыртма, такмаза, кер какшык, какшык, каяша жана башка, мунун бардыгы ушул жанрга кирет. Керек болсо күлкүнү кыргыздын комузу, манасчылык, төкмөлүк өнөрү сыяктуу деңгээлде алып карасак болот. Ал үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок азыр жакшы көңүл бурулбай жатат. Сатира жазгандар жок, болсо да бекер бергиси келбей кийинки муун үзүрүн көрөр деп үйүнө катып койгон. Ал эми куудулдарыбыздын көпчүлүгү театралдык билими, сахна маданияты жок эле эл алдына чыгып алып, чампалап номерлерди коюшууда. Пикеттин деңгээлинен жогору, көрүүчүгө руханий байлык тартуулай турган сатиралар жаралбай калды. Андыктан күлкү жанрына илимий, мамлекеттик деңгээлде карап, иштер жасалуусу керек. Ар бир түрүн иликтеген илимий иштер жазылса, өнүктүрүү коому түзүлүп, куудулдардын билими жогорулатылса кандай жакшы болор эле. Элге мамлекеттик идеологиянын негизинде талаптар коюлуп, дасыккан режиссерлер менен ийине жеткире иштелип чыккан гана номерлер тартууланышы керек", — деди Абылов.

Ал сатирик жазуучулар менен куудулдардын башын бириктирип иш алып баруу маселесин тез арада ишке ашыруу зарылдыгы турганын кошумчалады.

68
Белгилер:
сатира, көйгөй, күлкү, Күмөндөр Абылов
Тема боюнча
Ниязов: Асанкул Шаршеновдун 16 улуттун өкүлүн жалгыз ойногон спектакли бар
Пилот, Side attack drift team эл аралык дрифт командасынын мүчөсү, бир нече мелдештердин жеңүүчүсү Акылбек Өмүракунов

Өмүракунов: дрифт автоспорттун эң коопсуз түрү

27
Пилот, Side attack drift team эл аралык дрифт командасынын мүчөсү, бир нече мелдештердин жеңүүчүсү Акылбек Өмүракунов дрифт автоспорттун эң коопсуз түрү экенин айтты.

2017-жылдан бери дрифт менен алектенип келем. Ушул убакытка чейин алган тажрыйбам жарыштарда биринчи болууга мүмкүндүк берүүдө. Бул тууралуу Акылбек Өмүракунов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Өмүракунов: дрифт — автоспорттун эң коопсуз түрү

Анын айтымында, 12 жашынан баштап автоунаа башкара баштаган.

"Мен автоунааларга эс тарткандан бери кызыгам. Башталгыч класстарда дептерлерге өзгөчө автомашиналардын сүрөттөрүн тартып жүрчүмүн. Башка балдар кандайдыр бир тасмалардан эргүү алып, анан гана автоспортко келишет. Ал эми мен үчүн "Форсаж" сыяктуу картиналар ачылыш деле болгон эмес. Менин азыркы унаам Nissan 200sx. Казакстандан сатып алгам. Негизи дрифтке катыша турган техниканы толугу менен жасап чыгабыз. Себеби машинанын мотору, коробкасы жана башка бардык жагы бышык, күчтүү болушу зарыл. Унаанын каркасынын ичи жалаң трубалардан турат. Ошондуктан дрифт автоспорттун бардык түрлөрүнүн ичинен эң коопсузу десек болот. Унаа мелдеште чындап эле оор сыноодон өтөт. Ошондуктан ар бир жарыштан соң техника толук кароодон өткөрүлөт. Бул машиналар менен шаар ичинде жүрө албайбыз. Себеби мыйзам жол бербейт жана үнү абдан катуу чыгат. Жарыштын унаалары чиркегич менен гана ташылат", — деди Өмүракунов.

Пилот шаар ичиндеги көчө жарышчылары элдин дрифт маданиятын кабылдоосуна терс таасир тийгизип жатканын кошумчалады.

27
Белгилер:
авто, спорт, жарыш, дрифт
Тема боюнча
Вильнюста жашаган автоспортчу Данас Азикеев: "Литвадагы күлүк кыргыз" дешет
Лампа. Архив

Эртең Бишкектин 39 жеринде электр кубаты өчүрүлөт. Тизме

0
Түндүк электр" ишканасынын бригадалары трансформаторлордун подстанцияларын оңдоп, өткөргүчтөрдү орнотуп, дагы башка иштерди жасайт.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Жума күнү, 25-июнда, Бишкектин бир топ жеринде электр кубаты өчүрүлөрүн "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты.

Бригадалар трансформатордун подстанцияларын оңдоп, өткөргүчтөрдү орнотуп, дагы башка иштерди жасайт.

Электр энергиясы убактылуу өчүрүлө турган аймактар:

  • 9:00дөн 18:00гө чейин — Ала-Тоо, Арча-Бешик (Чортеков, Бердибаев, Садыбакасов, Ойсул-Ата көчөлөрү), Ак-Ордо (Ара-Көл, Улуу-Тоо, Улук-Тоо, Макмал, Бештектир, Терек-Сай көчөлөрү), Орок (Кочкор-Ата көчөсү) жана Ак-Босого (Архитектор, Түлөбердиев, Саадаев, Ынтымак, Манас жана Чүй (№17, 21 үйлөр) көчөлөрү) конуштарында болбойт;
  • 9:30-12:00 — Тунгуч кичи районундагы №1, 3, 12, 4, 17,17/2 үйлөрдө;
  • 9:30-18:00 — Сельсовет, Жамгырчинов, Месарош, Ильменская, Серпухов, Волков, Бөкөнбаев көчөлөрүнүн тилкелеринде жана Манас проспектисинде өчүрүлөт. Орто-Сай айылындагы Рысмендиев, Кумар жана Иманалиев көчөлөрүнүн жашоочулары электр кубатысыз калат;
  • 9:30-19:00 — Кийизбаева, Каменная, Токтоналиев, Ахунбаев, Орозбеков, Васильев, Элебесов көчөлөрүнүн тилкелеринде жана Ботаника кууш көчөсүндө;
  • 10:00-15:00 — Көк-Жар конушунда (Куйручук, Санжыра көчөлөрү);
  • 11:00-14:00 — №88 мектепте өчүрүлөт.
0
Белгилер:
эскертүү, өчүрүү, электр кубаты, Бишкек
Тема боюнча
Шашылыш билдирүү! Эртең-бүрсүгүнү айрым аймактарда сел жүрөт