Араван райондук ИИБнын башчысынын орун басары Нурлан Жанбаев

Нурлан Жанбаев: КТРК журналистимин деген жаран алдамчылыкка шектелип кармалды

226
(жаңыланган 21:36 09.01.2017)
Өзүн Коомдук телерадиокорпорациясынын (КТРК) журналисти катары тааныштырып мектеп директорлору менен айыл өкмөттөрдөн акча алууга шектелген жаран кармалды.

КТРК журналистимин деген жаран алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Араван райондук ИИБнын башчысынын орун басары Нурлан Жанбаев билдирди. 

Анын айтымында, шектүү жаңы жылдын алдында мектеп директорлоруна "жылдын мыктысы" наамы берилет деген шылтоо менен акча өндүргөн.

"Белгисиз жаран өзүн КТРКнын журналистимин деп алдап, сегиз мектеп директорунан акча өндүргөн. Ал телеканалдын демилгеси менен Ош шаарында чоң маараке өтүп анда аталган директорлорго "жылдын мыкты директору" деген наам берилет деп айткан. Мындан тышкары, эки айыл өкмөтүнөн дагы акча алууга жетишкен", — деп билдирди Жанбаев. 

Ал шектүү жаран Кара-Суу районунда дагы ушундай алдоо жолу менен 17-18 жолу акча тапканын кошумчалады. 

Учурда аталган фактынын негизинде тергөө иштери жүрүп жатат. 

226
Белгилер:
шектүү, алдоочулук, КТРК
Тема:
Өзүн КТРК журналистимин деп тааныштырган жаран камалды (3)
Тема боюнча
"КТРК журналистинин атын жамынып элди алдады" деп шектелген жаран кечирим сурады