Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Фуркан Улусой: жетекчибиз Азизди "Курманжан датка" тасмасынан тааныды

© Фото / пресс-служба клиники "Мемориал"Гражданин Турции Фуркан Улусой
Гражданин Турции Фуркан Улусой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азиз Мурадиллаевдин 95 миң долларлык операциясын Стамбулдагы клиника 30 миң долларга жасап бермей болду.
Фуркан Улусой: Азиздин операциясын арзандатууну сүйлөшүүгө үч айдай убакыт кетти

Кечээ кечинде теле алып баруучу Ассоль Молдокматова Мурадиллаевдин операциясынын баасын арзандатууга түрк жараны Фуркан Улусой жардам берип жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирген.

Фуркан Улусой өзү аталган клиникада Борбор Азия боюнча адис экендигин айтып, операцияны арзандатуу үчүн жетекчилик менен сүйлөшүүгө үч айдай убакыт кеткенин айтты. 

"Мен Азиз Мурадиллаевдин оорусу жөнүндө кыргызстандык досторумдун социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу билгем. Операциясына кол кабыш кылайын деп чечип, ага жардам берип жүргөн Ассоль Молдокматова менен байланыштым", — деди Улусой.

Айта кетсек, түрк жараны бир нече жыл мурда Кыргызстанда окуп жүрүп, кыргыз кызына үйлөнгөн. 

Фуркан Улусой менен болгон кенен маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0