Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Үрүстөм Жусупбеков: учкучтар учуп-конуу тилкесин жакшы байкабай калышы мүмкүн

© SputnikКөп жылдан бери бортинженер болуп эмгектенген Үрүстөм Жусупбековдун архивдик сүрөтү
Көп жылдан бери бортинженер болуп эмгектенген Үрүстөм Жусупбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн эртең менен Дача-Суу айылына жүк ташуучу учак кулап түшүп, андан отуздан ашык киши каза болуп, жыйырмадан ашык үй жабыркага. Аталган учак Гонконгдон учуп чыгып, Бишкекке май куюу үчүн конууга аракет кылган.
Үрүстөм Жусупбеков: учкучтар учуп-конуу тилкесин жакшы байкабай калышы мүмкүн

"Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача-Суу айылына кулап түшкөн учак заманбап аба кемелеринин катарын толуктарын жана өз алдынча конууга жөндөмдүү экенин көп жылдан бери бортинженер болуп эмгектенген Үрүстөм Жусупбеков билдирди.

Жусупбеков учактын кыйрашына аба ырайы, же учактын техникалык мүчүлүштүктөрү себеп болушу мүмкүндүгүн айтты.

"Boeing 747 үлгүсүндөгү учактар абдан заманбап учак. Аны автопилотко коюп койсо өзү деле конгонго жөндөмдүү. Кырсыкка учактын бузуктугу же учкучтардын тиешеси болушу ыктымал. Айрымдары учуп-конуу тилкесин жакшы байкабай калышы мүмкүн. Менин пикиримде, кырсыктын болушуна аба ырайынын шарты да таасир берсе керек", — деди Жусупбеков.

Ал ошондой эле кырсыктын келип чыгуу себебин атайын түзүлгөн комиссия аныктап чыгарын кошумчалап, азыркы заманбап учактардагы атайын система автопилоттук түрдө учакты жерге кондурууга жөндөмдүү экенин баса белгиледи.

Учактын кыйрашына байланыштуу бардык маалыматтардын топтомун бул жактан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0