Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Токтошева: Азимжан Аскаров өмүр бою эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланды

© Фото / Жылдызбек Фархад уулуЖогорку Соттун маалым кызматынын жетекчиси Айнура Токтошованын архивдик сүрөтү
Жогорку Соттун маалым кызматынын жетекчиси Айнура Токтошованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аппеляциядан улам Чүй облустук соту Азимжан Аскаровдун ишин карап, өмүр бою эркинен ажыратты.
Токтошева: Азимжан Аскаров өмүр бою эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланды

Бүгүн Чүй облустук сотунда айыпталуучу Азимжан Аскаровго карата ачык соттук жыйын болуп өттү. Анда Базар-Коргон райондук сотунун 2010-жылдын 15-сентябрдагы өкүмүнө карата аппеляциялык даттануулар боюнча жазык иши каралып, сот өзүнүн өкүмүн чыгарды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан Жогорку Соттун маалым кызматынын жетекчиси Айнура Токтошова айтып берди. 

"Аскаров Кылмыш жаза кодексинин 241-беренеси (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) менен күнөөлүү деп табылды. Кылмыш жаза кодексинин 59-беренеси (бир нече кылмыш жасагандыгы үчүн жаза белгилөө) менен өмүр бою эркинен ажыратылып, мүлкү мамлекеттин пайдасына конфискацияланды", — деди Токтошева. 

Соттун өкүмүн уккан Аскаров ачкачылык жарыялайм деп кыйкырды - Sputnik Кыргызстан
Соттун өкүмүн уккан Аскаров "ачкачылык жарыялайм" деп кыйкырды
Андан тышкары, үч жыл юридикалык билимди талап кылган укук коргоо, адвокатура жана нотариалдык контора, прокуратура органдарында белгилүү бир кызматтарды ээлөө жана бейөкмөт мекемелерде иш жүргүзүү укугунан ажыратылган. 

Өкүмдүн калган бөлүгү өзгөртүүсүз күчүндө калды. Өкүм жарыяланган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет. 

Эгер кайсы бир тарап Чүй облустук сотунун өкүмүнө нааразы болсо, Жогорку сотко көзөмөл иретинде даттанууга укуктуу. 

Жаңылыктар түрмөгү
0