Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алмаз Акунов: Ошто өтчү салбурунга казактарды, монголдоду, түрктөрдү чакырдык

© Sputnik / Табылды КадырбековНациональные игры салбуруун в рамках Всемирных игр кочевников на джайлоо Кырчын
Национальные игры салбуруун в рамках Всемирных игр кочевников на джайлоо Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеш Салбурун федерациясы, Улуттук спортту өнүктүрүү дирекциясы жана салбурун ышкыбоздору менен биргеликте уюштурулууда.
Алмаз Акунов: Ошто өтчү салбурунга казактарды, монголдоду, түрктөрдү чакырдык

Ошто 20-21-март күндөрү өтө турган салбурун боюнча республикалык турнирге Кыргызстан эле эмес, Казакстан, Түркия жана Монголиянын өкүлдөрү чакырылып жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Салбурун федерациясынын президенти Алмаз Акунов билдирди.

Анын айтымында, түштүк регионунда мындай мелдеш биринчи жолу өтүп жатат.

"Учурда мелдешти өткөрүү боюнча Ош шаардагы ат майдандын жетекчилиги менен макулдашылды. Мелдешке катышуу үчүн Кыргызстан эле эмес, Казакстан, Түркия жана Монголиядагы салбуурунчуларга кабар жиберип жатабыз. Ал күнү "Бүркүт салуу", "Далба ойнотуу", "Куш салуу", "Тайган жарыштыруу", "Тайган көрсөтмө" (таза тайган сынагы), "Жөө жаа атуу", "Атчан жаа атуу" боюнча таймаш болот" — деди Акунов.

Ошондой эле ал мелдеш Салбурун федерациясы, Улуттук спортту өнүктүрүү дирекциясы жана салбурун ышкыбоздору менен биргеликте уюштурулуп жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0