Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кудайбердиева: Кыргызпатент ойлоп табуучуларга сынак жарыялады

© Фото / пресс-служба "Кыргызпатента"Интеллектуалдык менчик жана инновациялык мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Гүлбар Кудайбердиеванын архивдик сүрөтү
Интеллектуалдык менчик жана инновациялык мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Гүлбар Кудайбердиеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интеллектуалдык менчик жана инновациялык мамлекеттик кызматы коомдук уюмдарга, мектеп окуучуларына, жалпыга маалымдоо каражаттарына, жеке ишкерлерге, университеттер менен мектептерге сынак жарыялады.
Кудайбердиева: Кыргызпатент ойлоп табуучуларга сынак жарыялады

Аталган мамлекеттик кызматтын маалымат катчысы Гүлбар Кудайбердиеванын айтымында, сынак менчиктин ролун жана маанисин түшүндүрүү максатында уюштурулууда.

"Конкурс "Акыл табылга", "Канатташ", "Интеллектуалдык өнөктөштүк", "Келечек жаратманы" жана "Мыкты бренд" номинациялары боюнча өтөт. Эмгектер 20-мартка чейин кабыл алынат", — деди Кудайбердиева.

Кыргызпатент аталган сынакты ойлоп табуучулар менен өндүрүшчүлөрдү шыктандыруу максаттында ишке ашырууда.

Катышуучулар эмгектерин nomination@patent.kg электрондук почтасына жибере алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0