Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мирлан Бакиров: жарандар салык төлөө негизги милдети экендигин түшүнүшү керек

Жазылуу
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров учурда салыкчылар салык толтура албай убара тартып жатканын белгиледи.
Мирлан Бакиров: жарандар салык төлөө негизи милдети экендигин түшүнүшү керек

Жарандар салык төлөө негизи милдети экендигин түшүнүшү керек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров билдирди.

Белгилей кетсек, ЖК депутаттары салык төлөбөгөн жарандардын чет жакка чыгуусуна тыюу салган мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгышкан. Демилгечилердин бири Мирлан Бакировдун айтымында, демилге салык чогултууга багытталган.

"Учурда салык кызматы казынаны толтура албай убара тартууда. Негизи салык төлөбөгөндөрдүн катарын жеке адамдар толуктап келет. Жарандар төлөй турган салыктын түрлөрү аз эле. Буга чейин алимент төлөбөгөндөрдү чек арадан өткөрбөө боюнча сунуштар айтылып, учурда колдоо таап жатат. Биз да ушундай сунуш айттык", — деди Бакиров.

Аталган мыйзам долбоору боюнча, карызы бар жарандарга чет өлкөгө чыгууга тыюу салуу менен бирге кыймылсыз мүлк жана унаа сатып алууга да чек коюлмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0