Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Нурдин Асакеев: конструктор боз үйгө япондор абдан кызыгууда

© Фото / Азамат ИмангазиевUNI YURT долбоорунун жетекчиси, конструктор Нурдин Асакеев
UNI YURT долбоорунун жетекчиси, конструктор Нурдин Асакеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Япондор аталган конструктор боз үйдү буйрутма берип алдырып, жарманке, көргөзмөлөргө алып чыгышууда.
Нурдин Асакеев: конструктор боз үйгө япондор абдан кызыгууда

UNI YURT деп аталган оюнчук конструктор боз үйүнө чет өлкөлүктөр, анын ичинде япондор абдан кызыгышууда. Бул тууралуу аталган долбоордун жетекчиси Нурдин Асакеев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бул конструктор боз үйдү япондор өздөрүнүн сайттарына да жарнамалап чыгара башташкан.

"Биздин максат — кыргыздын боз үй, шырдак сыяктуу көчмөн мурасын чет элдиктерге таанытып, аны башка жактарга экспорттоо. Ушул ой менен былтыр UNI YURT конструктор боз үйүн ойлоп тапканбыз. Анда ичиндеги нускама менен боз үйдү кураганды үйрөнүүгө болот. Аталган боз үйлөргө чет өлкөлүктөрдүн ичинен япондор абдан кызыгып, аны философиялык мааниси терең, идеялдуу конструкция деп аташты", — деди долбоордун жетекчиси.

Асакеевдин айтымында, япониялыктар аталган конструктор боз үйдү буйрутма берип алдырып, жарманке, көргөзмөлөргө алып чыгышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0