Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аскат Алиев: Москвадагы мекендештерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз

© пресс-служба представительства МВД КР в РоссииПредставитель МВД КР в России Аскат Алиев
Представитель МВД КР в России Аскат Алиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москвадагы базарда иштеген кыргыздарга салык салган мекендештер боюнча маалымат текшерилип, соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Аскат Алиев: Москвадагы мекендештерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз

Москва шаарындагы базарларда иштеген мекендештерге кыргыз улутундагы 4-5 бала келип салык салууда деген маалымат текшерилип жатканын КР ИИМдин Москвадагы өкүлү Аскат Алиев билдирди.

"Бизге азыр эч ким кайрыла элек. Эгерде ушундай коркутуп-үркүтүүлөр болсо бизге кайрылгыла деп социалдык тармактарга алдын ала билдирүүлөрдү жаздык. Эки күндөн бери базарларга барып эл менен жолугуп, мындай учурда арыз жазуу керектигин түшүндүрүп жатабыз", — деди ал.

Алиев өз сөзүндө опузалап акча талап кылган учурлар 2010-2014-жылдары көп болгонун айтып, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү делген ондогон киши кармалып, алар 5 жылдан 10 жылга чейин кесилгенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0