Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алмаз Акматалиев: Бабанов өзүнүн күчтүү оюнчу экенин көрсөткүсү келип жатат

© Фото / предоставлено Алмазом АкматалиевымПолитолог Алмаз Акматалиев
Политолог Алмаз Акматалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саясий серепчи өлкөдөгү экономикалык кырдаал менен президенттик шайлоо эриш-аркак келип, жагдай курчуп жатат деген пикирде.
Алмаз Акматалиев: Бабанов өзүнүн күчтүү оюнчу экенин көрсөткүсү келип жатат

Бабанов өзүнүн күчтүү оюнчу экендигин көрсөткүсү келүүдө. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине саясий серепчи Алмаз Акматалиев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү экономикалык кырдаал менен президенттик шайлоо эриш-аркак келип, жагдай курчуп жатат.

"Маселени жакшылап карап көрсөк, өлкөнүн ЕАЭБге кирүүсү менен жетишкендиктер болгон жок. Ошондуктан депутаттардын өкмөттүн ишине төмөн баа берүүсү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анан ушул жагдайга президенттик шайлоо да эриш-аркак болууда. Шайлоого аттана тургандар азыртадан аракеттерди көрүп, чабуулдарды жасашууда. Бул эми саясий күрөштүн нугу. Кийинки маселе — азыркы коалиция араң эле турат. Опурталдуу. Анткени заматта бузулуп кетиши толук мүмкүн. Бабанов болсо өзүнүн күчтүү оюнчу экендигин далилдегиси келип жатат", — деди Акматалиев.

Ал КСДП каалаймайынча эч нерсе өзгөрбөй тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0