Улуттук онкология борборунун алдындагы Бейтаптардын мектебин жетекчиси Айгүл Кулдаева

Айгүл Кулдаева: баламдын өлүмүнөн кийин рак оорусуна чалдыктым

132
(жаңыланган 19:39 04.02.2017)
Айгүл Кулдаева эмчек рагын жеңгендердин бири. Ал бир жылдан бери Улуттук онкология борборунун алдындагы "Бейтаптардын мектебин" иштетип, оорулууларга психологиялык жактан жардам берип келет.
Айгүл Кулдаева: баламдын өлүмүнөн кийин рак оорусуна чалдыктым

Бул илдетке чалдыккандарга кандай жардам бериш керек жана өзү кантип ооруп калганын ал мындайча айтып берди.

"Баламдын башынан шишик табылып, операция жасалды. Тилекке каршы өмүрүн сактап кала алган жокпуз. Ошондо катуу стресске кабылып, мчек безим чоңоюп кетиптир", — деди ал.

Кулдаева кыздары аны дарыланыңыз болору болду деп көндүргөнүн белгиледи.

"Дарыгерлерге барып "ооруну жеңем, айтканыңар менен болом" деп уулум үчүн, өзүм үчүн, аялдар үчүн жеңейин деп максат койдум. Буюрса ойлогон оюма жетип жатам", — деди Кулдаева.

Ал ошондой эле учурда операцияга чейин жана операциядан кийин кандай тамак ичиш керек, өзүн кантип алып жүрүш керектиги тууралуу сабактарды бейтаптарга өтөрүн кошумчалады.

132
Белгилер:
ден соолук, медицина, Айгүл Кулдаева
Тема боюнча
Окумуштуулар: ширеткичтер рак илдетине алып келбейт
Илимпоздор: жаңгак рак оорусунун алдын алат
Окумуштуулар рак илдетин ден соолукка зыян келтирбей дарылаган даба ойлоп табышты
Кыргыз билим берүү академиясынын илим жана инновация бөлүмүнүн башчысы Дамира Жумабаева

Жумабаева: аймактагы мугалимдердин деңгээлин жогорулатуу көз жаздымда калды

72
(жаңыланган 14:00 16.06.2021)
Кыргыз билим берүү академиясынын илим жана инновация бөлүмүнүн башчысы Дамира Жумабаева онлайн билим берүүнүн колго алынышы менен келип чыккан көйгөйлөргө токтолду.

Мугалимдердин, өзгөчө аймактагылардын билим деңгээлин жогорулатуу маселеси ачык турат. Бул тууралуу Дамира Жумабаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Жумабаева: аймактагы мугалимдердин деңгээлин жогорулатуу көз жаздымда калды

Анын айтымында, учурда өлкөдө илимге жетишерлик көңүл бурулбай жатат.

"Пандемия шартында онлайн окууну жакшыбы, жаманбы, жолго коюп алдык. Бирок бул системанын ишке кириши менен мурда көз жаздымда калып келген айрым көйгөйлөр ачыкка чыкты. Өзгөчө аймактарда мугалимдердин өз алдынча эле иштеп калышканын көрө алдык. Бизде илимдин доктору, кандидаттары жетишерлик жана алардын абдан пайдалуу, мыкты эмгектери бар. Мына ушуларды аймактардагы мугалимдерге тажрыйба жүзүндө жеткирип, алар менен жеринен биргеликте иштеп, айылдык педагогдордун билим деңгээлин жогорулатышыбыз керек. Азыр каражаттын жетишсиздигинен мындай иш-чаралар Бишкек жана Чүйдүн тегерегинде гана жүрүп калды. Аймактарга онлайн семинар, вебинарларды уюштурумуш болобуз, бирок бул жетишсиз. Алар менен айлап, көзмө-көз иштешип, үйрөтүү зарыл. Мына ошондо гана окуучулардын билим деңгээлинин түшүп кетүүсүнүн алдын ала алабыз", — деди Жумабаева.

Педагог айрым интернет жетпеген аймактарда же мугалим жаңы техниканы анча өздөштүрө албаган жерлерде балдардын билим алуусу чоң коркунучка кептелип жатканын кошумчалады.

72
Белгилер:
көйгөй, мугалим, илим, билим, Дамира Жумабаева
Тема боюнча
Ибрагимов: бүтүрүүчүлөрдүн 10-15%ы дароо эмгек миграциясына кетүүдө
Балык чарба департаментинин директорунун орун басары Маил Алиаскаров. Архив

Алиаскаров: балык чарбасы боюнча РФ менен 1,3 млрд. рублдик келишим бар

23
Балык чарба департаментинин директорунун орун басары Маил Алиаскаров Кыргызстанга былтыр 2 375 тонна балык импорттолгонун айтты.

Кыргызстан менен Россиянын ортосунда балык чарбачылыгы боюнча түзүлгөн бир топ меморандум бар. Алардын наркы 1 миллиард 300 миллион рублди түзөт. Бул тууралуу Маил Алиаскаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Алиаскаров: балык чарбасы боюнча РФ менен 1,3 млрд. рублдик келишим бар

Анын айтымында, өлкөгө балык көбүнесе Россиядан импорттолот.

"Кыргызстандык кардарлардын арасында да деңиз балыктарын жактыргандар көп. Андыктан алардын талабын канааттандыруу үчүн өлкөгө сырттан да балыктар алып келинет. Балтыр бул көрсөткүч 2 375 тоннага жеткен. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 680 тоннага көптүк кылат. Импорттолгон балыктар көбүнесе Россиядан келет. Ал тургай Россия менен Кыргызстандын ортосунда балык чарбачылыгы багытында түзүлгөн меморандумдар бар", — деди Алиаскаров.

Ал Россиядан селёдка балыктары алып келинерин кошумчалады.

23
Белгилер:
импорт, Россия, балык, Маил Алиаскаров
Тема боюнча
Алиаскаров: Кыргызстан балык өстүрүүгө ыңгайлуу өлкө
АКШ президенти Жо Байден

Байдендин маалымат жыйынына россиялык журналисттерди киргизбей коюшту

0
Россия лидеринин жыйынтыктоочу маалымат жыйынына АКШлык журналисттер дагы катышып, суроолоруна жооп ала алышты.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Россиялык журналисттерди АКШ президенти Жо Байдендин маалымат жыйынына киргизбей коюшканын Sputnik International кабарлады.

Маалыматка карганда, аларды аталган иш-чарага аккредитациядан өткөрбөй коюшкан.

Ак үйдүн маалымат кызматы чет элдик журналисттерди каттоого ала турган кызматкердин байланыш номерин берген. Бирок ал россиялык журналисттердин өтүнүчүн көңүл сыртында калтырып койгону айтылат.

Эске салсак, бүгүн Жо Байден менен Владимир Путин Женева саммитинен кийин Ла Гранж вилласынан көрүшүп, эки этап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Россия лидеринин жыйынтыктоочу маалымат жыйынына АКШлык журналисттер дагы катышып, суроолоруна жооп ала алышты.

0
Белгилер:
журналист, Женева, Владимир Путин, Жо Байден
Тема боюнча
Өзөктүк согушта жеңүүчү болбойт! Путин менен Байдендин биргелешкен билдирүүсү
Путин Байден менен жолугушуусу кандай өткөнүн айтып берди
Путин: Байден “жан алгыч” деп эмнеге айтканын түшүндүргөн
Путин менен Байден RT жана Sputnik радиосунун ишин талкуулады