Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жолдошбек Абдылдаев: муфтият ажылыкка байланыштуу бир канча сынак жарыялады

© Фото / пресс-служба ДУМК КРКыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Ажылык бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаев
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Ажылык бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда 2017-жылдагы ажылык сапарга карата аракеттер башталды.
Жолдошбек Абдылдаев: муфтият ажылыкка байланыштуу бир канча сынак жарыялады

Муфтият ажылыкка байланыштуу бир нече сынак жарыялады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Ажылык бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаев билдирди.

"2017-жылдын ажылык иштери жакындап калганына байланыштуу зыяратчыларды ташыган авиакомпанияга, ажыга баруучуларды менингит, мезгилдик гриппке каршы эмдөөдөн өткөрүү үчүн дары-дармектерди Кыргызстанга алып келүүчү тараптарга сынак жарыялады", — деп билдирди Абдылдаев.

Ал мындан сырткары, зыяратка бара тургандар үчүн кийим тигүүчүлөр арасында да конкурс өткөрүлө тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0