Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акылбек Жамангулов: "Манас" аэропортуна жакын аймактан 3 миӊ адамга жер берилген

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Акылбек Жамангуловдун архивдик сүрөтү
Республика — Ата-Журт фракциясынын депутаты Акылбек Жамангуловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов аталган аймакка турак жай курула баштаса кооптуу жагдай жараларын кошумчалады.
Акылбек Жамангулов: "Манас" аэропортуна жакын аймактан 3 миӊ адамга жер берилген

"Манас" аэропортуна жакын аймактан 3 миӊ адамга жер берилген. Бул тууралуу РАЖ фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.

"2005-жылы "Манас" аэропортунун экинчи тилекесине жакын аймактан 3 миӊден ашуун адамга жер берилиптир. Эгер алар турак жай кура баштаса, өтө кооптуу жагдай жаралат. Аларга башка аймактан жер бөлүп, абалды оӊдобосо болбойт. Атайын комиссия түзүп, иликтөө керек", — деди депутат.

Белгилей кетсек, буга чейин аэропорттун жанындагы Дача айылына учак кулап, 39 адамдын өмүрүн алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0