Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Нурдин Султамбаев: Кыргызстандын расмий делегациясы Японияга 17-февралда учат

© Фото / Нурпери СадырбековаЖаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат катчысы Нурдин Султамбаевдин архивдик сүрөтү
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат катчысы Нурдин Султамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Японияга хоккей командасы бүгүн учса, көркөм муз тебүү, тоо лыжасы жана биатлон боюнча мелдешке катыша турган спортчулар менен расмий делегация 19-февралга чейин барышат.
Нурдин Султамбаев: Кыргызстандын расмий делегациясы Японияга 17-февралда учат

Кыргызстандын хоккей командасы оюндар башталганга чейин машыгууларын улантмакчы. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат катчысы Нурдин Султамбаев билдирди.

Анын айтымында, калган спотчулар менен менен расмий делегация 19-февралга чейин барат.

"Кыргызстандык делегация толугу менен бир жумадан кийин кетет. Бүгүн болсо хоккейчилер сапар тартышты. Калган спортчулар Ысык-Көлдө жана чет өлкөдө машыгууларын улантып жатат", — деди Султамбаев.

Аталган мелдешке 30 мамлекеттен келген спортчулар катышуусу күтүлүүдө. Кыргызстандын намысын 33 спортчу коргойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0